Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:29

КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫ ЭМНЕДЕН АКСООДО?


3-май – Бүткүл дүйнөлүк эркин басма сөз күнү. Ал эми Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы боюнча түрдүү көз караштар, пикирлер арбын.

Кээ бир журналисттердин пикири боюнча 24-марттагы ыңкылапка чейин өкмөттүк маалымат каражаттары бийликтин камчысын чаап, бир жактуу маалымат таратып келген. Эми болсо алар ээн-элкин жаза башташты деген көз караштар бар. Бул тууралуу “Би-Би-Си” корпорациясынын кабарчысы, “Кутбилим” гезитинин баш редактору Кубат Чекиров мындай дейт:

- Кыргыз журналистикасында учурда эки агым бар. Биринчиси- мурдакы советтик журналистиканын калдыгы, күүсү менен иштеп жаткандар. Экинчи агым- батыш өлкөлөрдүн өрнөктүү журналстикасынын таасири менен жаңыча иштөөгө умтулгандар. Заманбап, эл аралык журналистиканын талаптарын колдонуу кыргыз журналистикасынын багын ачып, келечегин аныктоо- учур талабы.

Кыргызстанда алгачкылардан болуп ишин баштаган эл аралык “Заман Кыргызстан” гезити өз окурмандарын тапканына быйыл 13 жыл болот. Өлкөдөгү сөз эркиндиги жана эки өлкөнүн достугуна данакер болгон басылма тууралуу “Заман Кыргызстан” жумалыгынын башкы редактору Мустафа Башкурт мындай деген пикирде:
- “Заман” гезити 11 өлкөдө чыгып жатат.Өлкөдө сөз эркиндигин сактоого аракет кылган эркин гезиттер болду. Мамлекеттик басылмалар мурда эркин болбой келсе, ыңкылаптан кийин бардык темаларда эркин жаза баштады. Кыргыз жергесинде журналист катары иштеп жүрүп, Кыргызстан жөнүндө, анын тарыхы, салт- санаасы тууралуу көп билип, көп нерсени үйрөндүк. Дос, тууган таптык.

Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетинин басма сөз кафедрасынын башчысы Абдыганы Халилов көпчүлүк жогорку окуу жайлар журналисттерди даярдап жатканы менен, диплом алгандардын даярдыгы эл аралык талаптарга жооп бербейт дейт. Анын пикиринде сапатты жакшыртыш үчүн атайын курстарды окутуу зарыл:

- Эл аралык журналистиканын жоболорун, мыйзамдарын, нормаларын, этикасын болочок адистерге үйрөтүп, окутуу учүн жогорку окуу жайларда атайын сабак же атайын курс болуусу учур талабы.

Ыңкылаптан кийин айрым бейөкмөт уюмдар, партиялар жана депутаттар өкмөттүк маалымат каражаттарга, улуттук телерадиокорпорацияга коомдук деген макам берүүнү, өкмөттүн көзөмөлүнөн чыгарууну сунуштап жатышат. Алардын айтымында Аскар Акевдин режими тушунда телерадиокорпорациянын кожоюну президенттик администрация болгондуктан маалыматтар бир жактуу берилип келген. Учурда өлкө президентинин милдетин аткарып жаткан Курманбек Бакиев болсо телерадиокорпорацияны коомдук кылалы дегени менен азырынча буга реалдуу кадамдар жасала элек.

Соңку убакта “Кабар” маалымат агенттигинин да мурдагыдай Жогорку Кеңештин карамагына өткөрүп берүү маселеси козголууда.

“Өзгөн нуру” гезитинин редактору Жолдошбай Андашовдун айтымында, алыскы райондордо жергиликтүү бийлик тарабынан журналисттерге кысым көрсөтүү улантылып жатат. “Кутбилим” гезитинин баш редактору Кубат Чекировдун айтымында журналисттер эл аралык талаптарды, этиканы сактап, бейтараптуу болушса соттон да кутулушмак:

- Көпчүлүк учурда кыргыз журналисттери өздөрүнүн ой- пикирин таңуулап, тыянактарды чыгарып, кесиптик көз- караштарын билдиргени, этиканы сактабаганы кайра- кайра соттошууга, чоң айыптарга кириптер болууга алып келүүдө.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, Кыргызстанда чет элдик 130га жакын журналист акредитациядан өтүп, туруктуу иштеп жатат. Парламенттик шайлоону чет элдик 51 журналист чагылдырган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG