Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:35

Президенттикке талапкерлердин экөөсүнүн шайлоо штабы бир болот


БИШКЕК. Президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген эки атуул –«Ар намыс» партиясынын төрагасы Феликс Кулов менен Социал-демократиялык партиясынын төрагасы Алмаз Атамбаевдин шайлоо штабы бир болот. Мындай маалымат 3-майда Алмаз Атамбаевден алынды. Анын айтымында, штабды азыр өзү жетектеп, облус, райондордогу бөлүмдөрүн түзүүгө киришти. Алар талапкер катары расмий каттоодон өткөндөн кийин дагы шайлоо штабы бөлүнбөйт. Шайлоо штабы азыр «Форум» бирикмесинин кеңсесинде жайгаштырылды. 3-майда Бишкектин «Тунгуч» кичирайонунун тургундары Феликс Куловду президенттикке талапкерликке көрсөтүштү.

XS
SM
MD
LG