Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:53

ЖУРНАЛИСТТЕР БАШКА ӨЛКӨЛӨРГӨ КАРАГАНДА ОРУСИЯДА КӨП ӨЛТҮРҮЛӨТ


Муса Мураталиев, Маскөө ЮНЕСКО демилгеси боюнча Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги 3-майда белгиленет. «Чегарасыз кабарчылар» эл аралык уюму бүгүн жазаган докладында журналисттик кесиптин коркунучтуу болуп баратканын белгилеп, бир эле 2004-жылы дүйнөдө 53 журналист өлтүрүлгөн деп жазат. Анда басма сөз эркиндигин кысымга алган: Беларусия, Кытай, Куба, Иран, Түндүк Корей, Орусия, Пакистан, Сауддук Араб дагы башка өлкөлөр экени айтылат. Быйыл «Чегарасыз кабарчылар» уюму түзгөн тизмеге Орусия президенти Владимир Путин да кошулду.

Эл аралык «Чегарасыз кабарчылар» уюму басма сөз эркиндиги Орусияда кыйын кысымга алынып аткандыгына далилдерди келтирип, ага Владимир Путин күнөөлү деп белигилейт. Дагы бир эл аралык уюм: «Журналисттерди коргоо комитети» журналисттер көп курмандыкка чалынчу беш мамлекетти атап, анын бири Орусия деп эсептейт. Бул беш өлкөнүн ичине Филипин, Ирак, Колумбия жана Банглодеш кирген. 2000-жылдан бери эсептей келгенде бул өлкөлөрдө 58 журналист киши колдуу болуп өлгөн. Бирок журналисттерди өлтүргөн кылмышкерлер бети ачылбай кала берген.

«Журналисттерди коргоо комитетинин» жетекчиси Энн Купер айым бул тууралуу

-Ал беш өлкө бийлиги кылмышкерди таап, ага тийешелүү жазасын бере албагандыгы менен күчкө салып басма сөз оозун жабууну эңсегендер чырагына май тамызып, жөлөк болуп берип атат,

-деп белгилейт.

Баш кенсеси Америкада жайгашкан ал комитет таркаткан докладда Орусияда кийинки учурда өлтүрүлгөн журналисттер ичинен кеминде жетөө бирөөлөр көргөзүүсү астында көздөрү тазаланган. 2004 жылы өлтүрүлгөн «Форбс» журналынын баш редактору Пол Хлебников, тольяталык Алексей Сидоров, воронеждик Владимир Лавров жана башка журналисттер өлүмү буга күбө деп жазылган.

Баса, Орусиянын президенти 25 апрелде федералдык жыйын үстүндө, басма сөзгө өзгөчө көңүл буруу менен пикирин төмөнкүдөй билдирген :

-Биз мамлекеттик сыналгы, үналгынын кандайдыр бир топтун таасиринен алыс болушу үчүн, эң чоң калыстык менен коомдук - саясий күчтөрдүн болгон бардык түспөлүн чагылдыра алыш үчүн кепилдик түзүшүбүз керек.

Орусия журналисттер союзунун баш катчысы Игорь Яковенко материалды «чоң калыстыкта» чагылдыруу менен эле максатка жетебиз деш натура деп эсептейт:

-Дегинкиси, сыналгы же гезит-журналдар көрүүчүлөр менен окуучулар талабына багынычтуу болгондо гана басма сөздүн көз карандысыздыгы жаралат. Сөз эркиндиги белгилүү деңгээлде өнүккөн өлкөлөрдө, дегинкиси менчин гезит, менчик журнал жана коомдук маалымат каражаттары чыгып турат. Алар мамлекетке көзкаранды болуудан да жеке менчик ээлерине көз каранды болуудан коргоп туруучу таразанын ишин кылат.

Кийинки беш жыл ичинде Орусияда элге кеңири таанымал мамлекетке баш ийбеген НТВ, ТВС каналдары таркатылды. Бул жылдар ичи баш-аягы 10 миңдей журналист мамлекеттик басылмалар, сыналгы, үналгылардан бошотулган. Бул күндөрү бирден-бир федералдык деңгээлде эфирге чыгып келаткан РЕН-ТВ сыналгысы жабылып кайра мамлекеттик болуп уюштурулуу алдында турат.
XS
SM
MD
LG