Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:31

ООГАНСТАН: УРУШТАН КАЛГАН КУРАЛ- ЖАРАКТЫН КОРКУНУЧУ


Ооган өкмөтү үчүн чейрек кылым созулган ич ара согуштан калган каруу жарактар чоң түйшүк болууда. Апатанын дүйшөмбү күнү Баглан вилайетинде жергиликтүү лашкер башынын курал-жарак сакталган жашыруун кампасы жарылып, 28 кишинин өмүрүнө зобун келтирди. 50дөн ашуун адам түрдүү деңгээлде жарадар болду. Кырсык лашкер башчыларды жана куралдуу топторду куралсыздандыруу, ошондой эле согуш маалында топтолгон аскерий техниканы таап, жок кылуу өтө машакатуу иш экенин дагы бир ирет ырастады.

Багландык мурдакы корбашынын үйүндө болгон жардыруу кокустук эмес. Ооганстанда мурдакы советтик аскерлерге каршы күрөш жана жаатташтык согушу жылдарынан калган каруу жарак дале көп. Ички иштер министрлигинин өкүлү Латфулла Машалдын “Азаттык” радиосуна маалымдашынча:

- Ички иштер министрлигинин полициясы каруу сакталган ондогон жабыттарды күн сайын ар бир провинцияда табышат. Алардын көбү советтик баскынчы күчтөргө каршы жихад маалынан калган. Айрымдары талиптер дооруна жана каршылык көрсөтүү жылдарына таандык.

Уруш жылдарынан калган куралдарды топтоо, ошондой эле куралдуу топтордун мүчөлөрүн граждандык кесипке өткөрүү үчүн Улуттар Уюму каржылаган Куралсыздандыруу, демобилизация жана реинтеграция программасы ишке ашырылууда. Программаны Жаңы башталыш долбоору көзөмөлдөп-координациялайт. Долбоордун өкүлү Ахмад Ян Ноузади Баглан провинциясындагы кыямат окуядан кийин бардык лашкербашчыларга жана жергиликтүү корбашыларга кайрылып, бекиткен-каткан куралдарын бийликтерге өткөрүп берүүгө чакырды:

- Башка командирлер да ушундай кылышы мүмкүн. Башка эч ким андай кылбайт деп айтуу кыйын. Алаамат окуя экинчи кайталанбас үчүн бардык командирлерге кайрылабыз. Бул окуя биздин агайиндерибиз үчүн сабак болушу керек. Кырсыктан бүтүндөй бир кыштактын эли набыт болуп, анын калкы аза күтүүдө азыр.

Куралсыздандыруу, демобилизация жана реинтеграция жараяны Ооганстанда 2003-жылдын октябрында башталган. Бул иш чаралар быйыл июнда ырасмий түрдө аяктайт. Өткөн 2, 5 жылда программанын алкагында аскерий топтордун 50 миңдей мүчөсү куралдарын тапшырды. Бирок али да көптөгөн артиллериялык куралдар толук катталган эмес жана чогултула да элек дейт Ички иштер министрлигинин өкүлү Машал:

–Куралсыздандыруу, демобилизация жана реинтеграция жараянынын кемчилиги, - ал толук ишке ашырылган жок. Коргоо министрлиги менен байланышы бар адамдар гана бул жараянга тартылды, алардын гана куралдары жыйналды. Катылган аскерий жабдуулар жана куралдар дале алардын колунда. Куралдарын жашырып койгон командирлер менен адамдар улутка жана өз мекенине чыккынчылык жасашууда. Алар тынчтыкка жана Ооганстандагы стабилдүүлүккө каршы чыккынчылык кылышууда.

Байкоочулардын айтымында, лашкер башчылар менен куралдуу топтордун сентябрда болчу парламенттик шайлоого чоң коркунуч туудура турганы анык. Алар, айрыкча, алыскы кыштактарда, шайлоочуларга кысым көрсөтүп, каалагандай добуш бердириши мүмкүн. Көпчүлүк лашкер башчылар Карзай башындагы өкмөттү алиге тааныша элек.

Хьюман Райтс Уоч уюмунун Ооганстан боюнча адиси Жон Сифтон лашкер башчыларга баш ийген топтор курал-жарагын тапшырып бүткөндөн кийин да, Ооганстандагы стабилдүүлүк үчүн кооптуу бойдон кала берет деген ойдо:

-Командирлер маң заттарын жана Ооганстандан чыгарылган ресуртарды, килемдерди же акак таштарды, болбосо тарыхый эски буюмдары контролдошкондуктан, алардын саясий жагдайга болгон таасири дале күчтүү. Сиз алардын куралдарын чогултуп албасаңыз, алар тез арада куралдуу топторду уюштурууга жөндөмдүү бойдон кала берет.

XS
SM
MD
LG