Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

УЛУУ ЖЕҢИШТИН 60 ЖЫЛДЫГЫ, ПРЕЗИДЕНТ ШАЙЛООНУН САРСАНААСЫ


Апта соңундагы кыргыз басылмаларында Улуу Жеңиштин 60 жылдыгына арналган материалдар арбын. Кыргызстан болсо ушу тапта президент шайлоонун сарсанаасында. Бийликке ким келери, талапкерлердин арасынан татыктуусун тандоо жоопкерчилиги туру.

Улуу Жеңиштин 60 жылдыгына арналган макала, эскерүү, майданда, оорукта бел чечпей Мекени үчүн кызмат кылгандарга куттук арноолорду апта соңундагы кыргыз басылмаларынын дээрлик баары жарыялашты. Жума күнкү «Кыргыз туусу», «МСН», «Агым», «Аалам» гезиттеринде Улуу Жеңиш тууралуу кеңири материалдар чыкты.

«МСН» гезитинде Рина Приживойттун президент шайлоо, ага талапкерлер тууралуу макаласы жарыяланды. Автордун ырасташынча ушу тапта президент болууга талаптангандардын саны арбып баратат.

Ушул эле темага «Агым» гезити да кайрылып, Бермет Букашеванын «Бакиев ким: «Керенскийби» же «Ленинби?» деген макаласын чыгарды. Убактылуу өкмөттүн кадр саясаты элдик ыңкылапка оголе чоң үмүт арткандардын шаабайын суутуп, өңгөдөн да жаңы өкмөт башчынын мурдагы президенттин күйөө баласы «кааласа Кыргызстанга келип бизнесин жасай берсин» дегени ындынын өчүрдү.

Айткандай эле президенттин күйөө баласы элдик ыңкылаптан кийин Кыргызстанга келип, калган акчаларын алып кетти. Аны кармоого бир да тартип коргоо орган кызматкеринин колу барган жок. Бишкекте калган буюм-тайымы менен акча-тыйынына президенттин кызы менен жубайы да келип кетишти, деп маалымдайт макала автору.

«Алдыдагы президент шайлоо калк үчүн эттен чымынды ажыратуу, өлкөнү акыр-чикирден тазалоо, бийликти балиттиктен арылтуу мүмкүнчүлүгүнүн берилиши. Мындайды жасоого бизге мүмкүндүк беришеби? Бул өзүбүздүн колубуздагы жумуш», деп жазат Бермет Букашева.

«Агым» гезитинин жума күнкү санында дагы кандай материалдар жарыяланып жатканын басылманын жооптуу катчысы Гүласыйна Каленова айтып бермекчи.

- Учурунда Кыргызстандын министрлер кеңешинин төрагасы болуп иштеген маркум Акматбек Сүйүнбаевдин эмгеги бааланбай, эмдигиче эстелиги коюлбаганы, А.Акаевдин кадр саясаты, бийликтен кетишине эмне себеп болгону жөнүндө Турсунбек Чыңгышевдин маеги, Улуу Жеңиштин 60 жылдыгына арналган атайын бет, Л.Бериянын өз колунан грамота алган Жумакан Думанаев жөнүндө, А.Акаев доорунда татыктуусунан да татыксызы көп алган мамлекеттик сыйлыктар тууралу, Т.Казаковдун «Өлкөнү трайбалисттер талкалайт» деген макаласы, өлкөнүн темир жолчуларынын саясий ачкачылыгы, пикети тууралуу материалдар жарыяланды.

«Кыргыздын улуттук сезими качан ойгонот?» деп суроо коёт жума күнкү «Аалам» гезитинде Шекербек Турдали.

«Шайлоо үч айдан кийин болобу, беш айдан кийин болобу, бийликке барам, такка олтурам дегендер бираз чыдашпайбы. Тагдыр насиби туура келгендер бийликке келет. Бирок Усубалиевдей жыйырма беш жыл, Акаевдей онбеш жыл тайраңдашпайт. Музоосунда сүздүргөн эл эми бийликке аяр мамиле кылар. Президенттик орунга олтурган инсанды тоодой мүшкүл күтүп турганын президент болом дегендердин акылдуулары сезип турса керек. Оор өнөр жай, жеңил өнөр жай түп-тамырынан тонолгон. Шахтылардын соосу жок, айыл калкынын жетимиш-сексен пайызы итке минген», дейт макала автору.

А.Акаевдин аспиранты К.Жумалиев Ош-Бишкек жолун оңдоого алынган миллиондогон долларлык кредит акчаларды кантип мойсоп, бүттү делген жолдун көп жери эмитен эле жарылып бузулуп жатканы «Аалам» гезитиндеги «К.Жумалиев «бүтүргөн» жол» деген ачык катта баяндалган. Жол курууга колкабыш кылган кыргызстандык курулуш уюмдарынын атынан кол койгондор мурдагы транспорт жана коммуникация министри К.Жумалиев түркиялык «Энтес» фирмасына колдоо көрсөтүп, анын чала бүткөн иштерин кабыл алдыртып, ортодон 4 миилион долларды өзүнө чыгарып алганын кыргызстандык жол курулуш уюмдарынын өкүлдөрү маалымдашкан.

Өкмөт башчы Курманбек Бакиевдин Ош, Жалалабат облустарындагы иш сапары тууралуу жума күнкү «Кыргыз туусу» гезити кеңири репортаж жарыялады.
XS
SM
MD
LG