Ирактын түштүк тарабындагы Суварах шаарында базарда жардырылган бомбадан 14 киши набыт кетип, кеминде 40 адам жараат алышты. Анын алдында Тикрит калаасында жанкечтинин бомба жардыруусунан жети полициячы мүрт кетип, дагы 8 киши жарадар болгон. Полиция бүгүн Багдаддын түштүк ыптасында айрымдарынын башы алынган 14 адамдын сөөгү табылганын маалымдады.