Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

ЭДИЛ БАЙСАЛОВ: "КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЫҢКЫЛАПКА ДҮЙНӨ КООМЧУЛУГУ КЫЗЫКДАР"


«Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын президенти Эдил Байсалов ушул тапта Вашингтон шаарында АКШнын конгрессинде эл аралык байланыш комитетинде Кыргызстандагы соңку окуялар тууралуу маалымат берди. Ал АКШ өкмөтүнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Эдил Байсалов менен телефон аркылуу байланышканыбызда ал океан артындагы мамлекеттер кыргыз элинин азаттыкка умтулуусун, демократиялык коомду курууга аракетин жогору баалаганын билдирди. АКШдагы иш сапары тууралуу Байсалов буларга токтолду:

-2-майдан бери Вашингтондо мамлекеттик депертаментте, улуттук коопсуздук кеңешинде, бир катар эл аралык уюмдарда, жолугушуулар болду. Алар менен Кыргызстанга байланыштуу абдан маанилүү маселелерди талкууладык.

-Эдил мырза, мүмкүн болсо ошол маселелерге кененирек токтоло кетсеңиз?

- Акыркы эки-үч айдагы Кыргызстанда болуп өткөн окуяларды, “Жоогазын” ыңкылабынын болуш себептери жана ыңкылаптан кийинки өлкөдөгү саясий абал жана ачык демократиялык коомдун курулушу, учурдагы социалдык- экономикалык проблемалар тууралуу талкуу болду. АКШнын жана башка дүйнө коомчулугун, эл аралык уюмдарды Кыргызстандын келечегине, демократиялык коомду курушуна көмөк көрсөтүүгө чакырдым.

- Америка коомчулугу Кыргызстандагы болуп өткөн саясий окуяларга кандай маани беришүүдө?

- Өткөн жумада Чилинин Сантьяго шаарында дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөлөрүнүн “Демократиялык коомчулугу” деген уюму бар. Мына ошол жерден ар кайсы мамлекеттин чыгаан өкүлдөрү менен жолугуштум. ПРООНдун, ЮСАИДдин өкүлдөрү менен кезиктим. Алар Борборазиянын алкагындагы Кыргызстандагы ыңкылапка абдан жогору баа беришти.”Кыргыз эли азаттыкка умтулган эл экен, келечекте демократиялык коомду курууга дилгир, эркиндикти көксөгөн мыкты журт турбайбы” дешип сыймыктанышты. Грузия, Украинадагыдай ыңкылап Борборазияда болот деп ойлошпоптур. Авторитаризмди кулатат деп күтүшпөптүр. Анан, Жорж Сорос менен да жолугушканымда, ал Акаевдин бийлиги дагы көптөгөн жылдар өкүм сүрөт деген ишенимде экен. Бул окуядан кийин чет мамлекеттерде окуп, билим алып жатышкан Кыргызстандык мыкты чыкма жаштарга стипендия чегерип берерин, корупцияны жоюуга жардам көрсөтөөрүн билдирди. Мен Соростон Кумтөр корпорациясынын финансылык иштерин текшертүүгө, уурдалган акча каражаттарын кайтарып берүүгө жардам көрсөтүүсүн өтүндүм. Сорос буйдалбай туруп макул болду.

- АКШнын аттуу-баштуу жетекчилеринен кимдерге жолуктуңуз?

- АКШнын Мамлекетик катчысы Кондолиза Райстын орун басары Пула Добрянский менен кенен кесири сүйлөштүм. Ал дагы Кыргызстандагы болуп өткөн окуяларга абдан кызыкдар экен. Ак үйдүн Мамлекеттик улуттук коопсуздук кеңешинин Борборазия боюнча директору менен жолугуштум. Мамлекеттик депертамент, Энергетика депертаменти, Дин боюнча комитети, ЮСАИД дагы башка бир катар абройлуу эл аралык уюмдардын, демократиялык институттардын өкүлдөрү менен баарлаштым. АКШнын Конгрессинде мен Рон Бахер жана Лефтинен аттуу конгрессмендер менен кезиктим. Алардын баардыгы Кыргызстанга кызыкдар. Кыргыз элине абдан жогору баа берип жатышат.

-Кыскача маек куруп бергениңизге чоң ырахмат. Сапарыңыз байсалдуу болсун!

-Алыста жүргөнүмдө мени эстеп байланышкан “Азаттыкка” ырахмат!

XS
SM
MD
LG