Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:13

РОЗА ОТУНБАЕВА: «АЗЫР БААРЫ ЭЛЕ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООНУ КҮТҮП ЖАТАТ»


Жаңы өкмөттүн тышкы саясатында олуттуу дегидей өзгөрүүлөр болбойт. Мурда кол коюлган келишим, макулдашуулар аткарылат. Кыргызстандагы президент шайлоонун кандай өтөрүнө жаамы дүйнө байкоо салып, өлкө кандай багытта өнүгөрү көптөрдү кызыктырып турат. Кыргыз бийлиги ушу тапта чет жерде иштеп жүргөн атуулдарынын шайлоого катышуусуна шарт түзүү аракетин көрүүдө. Ал тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева «Азаттык» үналгысындагы аңгеме-дүкөнүндө айтып берди.

- Роза Исаковна, Кытайга иш сапарга жөнөгөнү турасыз. Иш сапары учурунда кандай маселелерди талкуулайсыз, дегеле кыргыз-кытай мамилелери тууралуу айта кетсеңиз.

- Мына мен Казакстан, Өзбекстан, Россияга барып келдим, эми болсо Кытайга жөнөп жатам. Булар биздин жакын коңшуларыбыз, стратегиялык өнөктөштөрүбүз. Аларга барып бизде, Кыргызстандын тышкы саясатында принципиалдуу өзгөрүүлөр жоктугун, ортодогу келишим, макулдашуулардын баары күчүндө каларын ырастап келебиз.

Мына мисалы, Кытай менен чек ара маселеси. Биздин Кытай менен чек ара келишимибиз күчүндө кала берет. Биз андан баш тарта албайбыз. Ал ратификациядан өткөн, эки президент кол койгон. Ал абдан чыр-чатактуу маселе болчу. Дүйнөлүк практикада да аны кайра ачып, жарабайт деп чыксак, денонсация кылсак, аныбыз бизге чоң зыян алып келе турган чалкеш маселеге айланып кетиши мүмкүн.

Талаш эмнеден чыгып кетти? Жер жетпейт, элдин турмушу абдан начарлап, жумуш табылбай, Кыргызстандан эл тентип, баары кетип атканда бул маселе чыгып калды. Буга нааразылык кошулуп маселе талашка айланып кетти.

Кытайга мен иш сапары менен баратам. Бул өзү эки күндүк иш сапар. Мен өзүмдүн кесиптешим Ли Жаосин менен жолугам. Ошондой эле булардын өкмөттүк кеңешинин мүчөлөрү менен жолугам. Менин жанымда дагы биртоп министрликтердин өкүлдөрү бар. Алар чарбалык маселелерди талкуулап келишет.

Биринчиден, мен ал жерде биздин пландарыбыз, келе жаткан шайлоо тууралу маалыматтарды берем. Экинчиден болсо ортодо биртоп маселелер топтолуп калыптыр. Ошолорду козгоп, башын ачып, сүйлөшүүлөр жүргүзүп келмекчимин. Биздин пландар өзгөрүлгөн жок дебедимби, мисалы, Торугарт аркылуу өтчү темир жол долбоору. Ал боюнча сүйлөшүүлөрдү уланта беребиз. Бул маселе – оор маселе. Анткени анын каржылоосу азырынча жок. Техникалык-экономикалык негиздемеси бар. Бизнес-планы да жок. Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан темир жол мекемеси гана бар. Ошонун өкүлү баратат.

Сиздер түшүнүп атасыздар, бул биздин улуттук кызыкчылыкка байланыштуу маселе. Түндүк менен түштүктү байланыштырчу жол, биздин коомчулукта жол боюнча мунаса бар. Биз бул иштен тайбайбыз. Ошондой эле Эркештам – Ош жолун оңдоо иштери башталышы керек. Кытайлар өз тарабын бүтүп калды. Биз дагы башташыбыз керек. Ошол боюнча сүйлөшүүлөрдү улантабыз

- Кыйладан бери Кытайга Кыргызстан электр энергиясын сатууга кызыкдар экени айтылып келет.

- Кытайга электр энергиясын сатуу боюнча, бул өзү оор маселе. Анткени ушу күнгө чейин биз кытайлар менен баа боюнча келише албай жатабыз. Аны биз да, кытайлар да жакшы түшүнөбүз. Кытайда электр энергиясы тартыш. Биздин келечегибиз бар. Бизде дагы ГЭСтер курулат. Келечекте Кытайга электр энергиясын сатабыз деген үмүтүбүз бар. Бул боло турган иш деп ойлойбуз.

- Роза Исаковна, билесиз, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда Торугарт, Эркештам бажы өткөрмө пункттары жайгашкан. Мына ушул бажы посттору, ошондой эле эки өлкө ортосундагы экономикалык алака-катыштын дагы кандай маселелери жайында сүйлөшүүлөр болот?

- Кытай менен Кыргызстандын ортосунда соода мамилесинде азырынча тең салмак жок болуп жатат. Алар бизге көп товар сатып атышат, биз болсо азыраак сатып атабыз. Кеп өзүбүздө. Биз аларга чийки заттарды жөнөтүп, алар болсо кийинки кездери сапаттуу товарларды жөнөтүп атышат. Бул жагынан биз сүйлөшүүлөрдү уланта беребиз.

Торугарт бажы посту боюнча да сүйлөшүү өткөрүп келели деп жатабыз. Анткени бул пост дем алыш күндөрү иштебейт. Биз аны жогорку деңгээлде козгойлу деп жатабыз. Себеп дегенде, туристтик сезон башталганы турат. Мындан тышкары да биртоп маселелер бар. Элге билим берүү боюнча биздин катнашыбыз да кыйла жемиштүү болуп жатат.

80 миллион (юань – ред.) грант келсе аны да президент китепканасынын курулушуна жумшап ийишкен деген маалымат туура эмес. Ал грант турат кытайлардын колунда. Эгер берилсе бизде бир долбоор бар эле 30 миллион доллардык. Бишкектен «Манас» абамайданына чейинки жолду оңдоо ниетибиз бар. Ошондой эле 50 миллион долларлык грант бар.

Биздеги Токмоктогу картон фабрикасы - өкүнүчтүү иш. Көп жылдан бери ушул долбоор ишке ашпай келет. Ал жөнүндө президенттер да сүйлөшкөн. Аны иштетүү боюнча өзүнчө да долбоор бар.

Шанхай кызматташуу уюму. Бул Орто Азия жана Россия үчүн өзгөчө маанилүү уюм. Анын мамлекет башчыларынын жолугушуусу быйыл июлда Алматыда өтөт. Ошондо бул маселени талкуулайбыз. Шанхай кызматташуу уюму 900 миллиондук товар кредитин берип атат. Бул сөздүн да башын ачып келебиз. Демек, иш сапарда биртоп экономикалык маселелердин пакети бар.

- Эми мен Сизге президенттик шайлоо тууралу суроо бергим келип жатат. Жаңы өкмөт убада кылгандай чын калыс, адилет, ачык шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгү барбы?

- Менин оюмча, албетте, мүмкүнчүлүгү бар. Жаңы өкмөт административдик кысымды болтурбай, талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүүгө мажбур. Андай жасалбаса, жаңы эле ыңкылаптан чыгып аткан чакта А.Акаев режимин катыра сындап келген азыркы жаңы өкмөт мурдагыларды жасаса – анда эл кандай баа берет? Биз мына ушуну дайыма көңүлгө тутушубуз керек.

Жакында парламентте Д.Садырбаевдин мыйзам долбоору өтпөй калбадыбы. Тилекке каршы, Кыргызстанда азырынча андай тажрыйба жок. Чет өлкөдө «interim government» - «өткөөл өкмөт» деп коюшат. Биз мына ыңккылаптан жаңы эле чыктык. Анан жаңы өкмөт башчысы К.Бакиев да четке чыга берсе, менин оюмча, бул коркунучтуу эле жагдай.

Шайлоого чыгып аткан өкмөт буга чейин транспорт, башка чыгымдары канча болгонун айтышы керек. Ошондо шайлоого кетчү чыгымдар өкмөттүн эсеби же талапкердин чөнтөгүнөн чыгып жатканы ачык болмок. Менин оюмча, бул негизги шарт. Эгер өкмөт өкүлү шайлоого чыгып атса бюджет эсебинен транспорт, башка мүмкүнчүлүктөн пайдаланбашы керек.

Өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө мунун жолу бар. Шайлоо алдында өкмөттүн кассасы жабылат. Бизде болсо мунун баары ачык болуп атпайбы. Муну парламентпи же башка тиешелүү мекемеби, карап чыгышы керек. Баякүнү бизде өкмөттүн чогулушу болду. Өкмөт башчы Курманбек Бакиев бизге «силер өз ишиңерди жасай бергиле, жасайсыңар. Президенттик шайлоо таптакыр башка маселе. Силер ага кийлигишпегиле. Ага менин өзүмүн штабым иштейт», деп айтты. Мен буга терең ишенем.

Биз чет жердеги атуулдарыбыздын шайлоосун уюштурушубуз керек. Росссияда бир он жерде шайлоо участокторун түзүп атабыз. Ошол жерлерге өкүлдөрүбүздү жиберебиз. Ошондой эле бизге чет өлкөлөрдөн, ЕККУ, КМШдан байкоочулар келишет. Аларга чакырууларды жибердик. Биз ЕККУ менен байланыштабыз. Алар биз менен иштешет. Демек, биз өзүбүздүн гана милдетибизди аткарып турабыз.

- Кыргызстанда бийликтин апыл-тапыл алмашылып кеткени чет өлкөлөрдө кандай кабылданганы тууралуу да айта кетсеңиз.

- Баары эле мактап, кол чаап атышат деп айталбайм. Анткен себеби баары байкап жатышат. Көп өлкөлөр, эларалык уюмдар жардам беришүүдө. Казакстандын жардамы биздин кеминде жарым жылдык жанармайга болгон керектөөбүздү жаап койду окшойт. Өзбекстандын пахта үрөнү да чоң жардам болду. Бул жардамдар убагында берилди.

Ыңкылап учурунда Акүйдөгү компьютерлерди талкалап, уурдап, бүлдүрүп кетишти. Аны Европа кеңеши сатып берүүгө макул болуп жатат. Эми жумуш болуш керек да. Жалалабаттагы ички иштер бөлүмүнүн өрттөлүп кеткен үйүнүн ордуна тургузуп куруп беребиз деп жатышат европалыктар. Мындай жакшы кабарлар көп. Бизде акыйкат, калыс шайлоо өтсө биздин экономикабызга абыдан чоң жардам болот.

- Эми чет жерде иштеп жүргөн мигранттар маселесине келсек, аларга жаңы өкмөт кандай колдоо көрсөтүп жатат?

- Мисалы, мен мындай маселе коюп жатам. Бизде 300 миң – 400 миңдей киши паспортсуз калды. Мында элдин эч кандай күнөөсү жок. Ошол А.Акаевдин өкмөтү мына ушул паспорттон да акча табыш үчүн көз боемочулук жасап, ага үй-бүлөсү кийлигишип ийген экен. Паспорттор бир жерде жатат дейт, аны сатып алалбайбыз. Анын үстүнө ал 51 миллионго чейин секирип кетиптир. Жаңы паспорт чыгаралы десек 51 миллион карыздан кутулушубуз керек. Абдан кысталыш кырдаалда турабыз. Паспорт маселеси Кыргызстанда ири саясий маселеге айланып кетти.

Россия тууралу. Эми мындай да, бизге, биз койгон суроолорго расмий өкүлдөр жакшы жооп берип атышат.

- Мен сизге Россия эмес, жакын коңшуларыбыз жөнүндө суроо бергим келип жатат. Мына, жакында сиз Ташкенде болуп келдиңиз. Өзбекстан менен мамилебиз кыйла жандангансып калгандай сезилүүдө. Анан экинчи маселе Тажикстан менен мамиле. Бул экөөндө тең чек ара маселеси өзгөчө маанилүү, чек араны тактоо кандай болуп жатат?

- Акыркы эки жылда ортодогу мамиле, кандай десем, биртоп суз тартып кетиптир. 2 жылдан бери Кыргызстандын Тышкы иштер министри Өзбекстанга баpaлбай жатыптыр. Биз тараптан болгон өтүнүч болсо да Ташкен жооп бербей атыптыр. Ошондуктан менин иш сапарым жакшы бир жаңылык болду. Өзбектер биздин кулатылган режимди катуу сынга алышты. «Көп сөз айтасыңар, бирок жасабайсыңар» дешти. Казактар деле ушул сөздү айтышат. Эми мен газды айтпай эле коеюн. Биз казактардан 16 миллион долларлык газ уурдадык. Аны деле алар түшүнүп «уруксатсыз газ алышкан» деп жылуу-жумшак айтып атышат.

Өзбекстанда биз көп нерселерге макул болуп аларды ишке ашырбаппыз. Чекара маселеси - абдын курч масeле. Бизде эки тараптуу комиссия иштеп атат. Ага биздин элчибиз Эрик Асаналиев тартылган, жыл бою ал Өзбекстан менен Тажикстан чек арасынын жанында. Чек ара маселесинин мазмунун мен айталбайм. Бул жашыруун, айтылбайт. Мен азыр так айталбайм, бирок 120 чакырымдай жерин такташты. Иш азыр жакшы ыраатта жүрүүдө.

- Роза Исаковна, Кыргызстандагы чет элдик эки аскерий база тууралуу айта кетсеңиз, алардын тагдыры кандай болот?

- Алардын статус-квосу өзгөрүлбөйт, биздин позициябыз мурдагыдай эле калат. Эки база турат. Пландарын билебиз. Булар азыр шайлоону күтүп атышат. Шайлоо бүтсүн. Андан кийин булар пландарын ишке ашырганга даяр. Мына, Россиядан да айтышты, биз даярбыз деп. Бирок баары эле шайлоонун жыйынтыгын күтүп атышат.
XS
SM
MD
LG