Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Жогорку Кеңештин отуруму 12-майда башталат


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин маалымат жыйынынын кабарлоосуна караганда, бул күнү депутаттар Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун кызматтан кетүү боюнча арызын карашат. Мындан бир нече күн илгери парламенттик шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон №59-Чүй, №21-Токтогул жана №6-Асанбай шайлоо чөлкөмдөрүнүн шайлоочулары Жогорку сот имаратын басып алышкан. Адан көп өтпөй Курманбек Осмонов кызматтан кетүү боюнча арыз берген. Осмоновдун арызын кароону Жогорку Кеңеш 12-майга жылдырган. Ал эми Жогорку соттун имаратын басып алышкан атуулдар 9-май күнү да нааразылык иш чарасын улантышты. Алар 12-майда Жогорку Кеңеш имаратынын алдына барышаарын маалымдашты.

XS
SM
MD
LG