Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

Ющенко ардагерлерди элдешүүгө чакырды


Украинанын президенти Виктор Ющенко Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда мурдакы Украин улутчулдар уюму, Украин козголоңчу армиясы жана Кызыл армиянын катарында согушкан жоокерлерди өз ара элдешүүгө чакырды. Ал үндөөнү Киевде өткөн салтанатта жасады:

- Биз траншеянын каршы тарабында болгон ар бир адамды мурда эле кечирдик. Бирок өзүбүздүн адамдарды кечире албадык. Тилекке каршы, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери алиге Украин козголоңчу армиясынын ветерандарына кол сунуша элек. Мен башымды ийип, сиздерден сураймын: бири бириңиздерге колуңуздарды берип, элдешиңиздер.

Укрианада 100 миң антикоммунист- партизандар совет бийлигине каршы согушкан. Экинчи дүйнөлүк согушта 7 миллион украин курман болгон жана 2 миллион 400 миң украин нацисттердин өлүм лагерине айдалган.

XS
SM
MD
LG