Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:58

ПРЕЗИДЕНТТИ КАНЧА МӨӨНӨТКӨ ШАЙЛОО КЕРЕК?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Соңку бир нече күндөн бери Конституциялык кеңешменин жумушчу тобу саясий реформанын алгачкы долбоорун иштөө менен алек болууда. Өткөн апта соңунда жумушчу топ көпчүлүк добуш менен болочок президент беш жылга бир гана жолу шайлансын деген чечимге келишти. Жумушчу топтун мындай бүтүмү коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда.

Конституциялык кеңешменин жумушчу тобу Баш мыйзамдын алгачкы долбоорун жакынкы күндөрү иштеп бүтүп, Кеңешменин жалпы отурумуна сунуш кылат. Азырынча жумушчу топ Кыргызстанды келечекте кандай башкаруу ыкмасына өткөрүү керек деген маселе боюнча бирдиктүү жыйынтыкка келе элек. Ошондой болсо да жумушчу топ мүчөлөрү айрым бир маанилүү маселелер боюнча бир чечимге келе алышты. Маселен, өткөн аптада алар болочок мамлекет башчы канча жылга шайланыш керек деген маселени талкуулашып, көпчүлүк добуш менен президент беш жылдык мөөнөткө бир жолу гана шайлансын деген чечимге келишти. Жумушчу топтун мындай чечими коомчулукта, айрыкча саясий партия, бейөкмөт уюмдардын арасында кайчы пикирлерди жаратты. «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин пикиринде, президент болом деген атуул жок дегенде эки мөөнөткө шайланышы керек:

- Бир мөөнөткө шайлансын деген Аскар Акаевден кийин чыгып жатат. Эл коркуп калды. Бир адам бийликке келип алып эле кетпей коюп жатат. Ошондуктан жумушчу топтун мындай сунушунда негиз бар. Ал эми биздин партия мындай сунушту колдобойт. Биздин оюбузча парламенттик башкаруу ыкмасына өтсөк президент болом дегендер мындай максаттан баш тартышат.

Ал эми Адам укугун коргоо кыргыз комитетинин башчысы Рамазан Дырылдаевдин пикиринде, болочок президентти бир мөөнөткө шайлоо өлкө үчүн жакшы натыйжа алып келбейт:

- Менин оюмча бир адамды беш жылга эле шайлоо туура эмес. Анткени президент болуп шайланган адам беш жылдан кийин кетем деп жакшы иштебейт. Тагыраак айтканда ал эл үчүн иштеп бербейт. Ошондуктан президентти он жылга шайлаш керек.

Конституциялык кеңешменин мүчөсү, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын лидерлеринин бири Ишенбай Абдразаков президент болом дегендер өлкөнү өнүктүрүү боюнча даяр план, программа менен келип бир мөөнөткө шайланса жакшы болот эле дейт:

- Чынында президент болом деген адамдан көп нерсе байланыштуу. Аскар Акаев он жылдын ичинде да өз максатын аткара албай калдым деп айтпадыбы. Ошондуктан азыркы келген адам өзүнүн так план, программасы менен келип, беш жыл иштеп, анан кетиш керек. Анын ордуна башка адам келиш керек. Ошондо гана адилеттик болот. Мүмкүн келечекте он жылдык мөөнөттү киргизип алабыз.

Белгилүү саясатчы Ишенбай Абдразаковдун жогорудагыдай пикирине Конституциялык кеңешменин мүчөсү, укук коргоочу Турсунбек Акун макул эмес:

- Эл аралык жана элдин улуттук өзгөчөлүгүн эске алганда президентти эки мөөнөткө шайлоо керек. Президент деген-бригадир эмес. Конституцияны Бакиев же Кулов үчүн жазбаш керек. Президент болом деген чоң мамлекетти башкарууга бышып, анан түшүм бериши керек. Беш жылга шайласак түшүм бере турган мезгилде аны шайлабай коюп жатабыз. Ошондуктун бул сунуш Конституциялык кеңешменин жалпы отурумунан өтпөйт.

Айтор учурда башкасын айтпаганда да болочок президент канча мөөнөткө шайланыш керек деген маселеде коомчулукта түрдүү пикирлер орун алды. Эгерде бул маселени дүйнөлүк практикада карай турган болсок, дээрлик көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдө президент эки мөөнөткө шайланат. Маселен, чыныгы президенттик башкаруу ыкмасы болгон АКШда президент төрт жылдан эки мөөнөткө, президенттик-парламенттик башкаруу ыкмасы болгон Францияда президент жети жылга, ал эми аралашма мамлекеттик башкаруудагы Орусияда президент төрт жылдан эки мөөнөткө шайланат.

XS
SM
MD
LG