Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Курманбек Осмонов арызын кайра алды


БИШКЕК. Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов кызматтан өз ыктыяры менен кетүү жөнүндө президенттин милдетин аткаруучуга жана Жогорку Кеңешке жазган арызын кайра чакырып алды. Анын себеби тууралуу Осмонов «Азаттыкка» буларды билдирди:

-Себебин мен арызымда көрсөттүм. Мен башында чын эле ойлогон элем, мен кетсем эле эл тынчып, туруктуулук түзүлөт деп. Көрсө маселе менде эмес экен. Анан ушундай кыйын абалда сот системасын таштап кетип атканыңыз кандай деп, сот корпусундагы судьялар да менин кадамыма түшүнбөөчүлүктү билдиришти.

Анын айтымында, судьялардын 10-майга белгиленген курултайын өткөрүүгө президенттик администрация тарабынан ачыктан ачык тоскоолдук жасалды. Шаардык, райондук соттордун судьяларын курултайга келсеңер кызматтан алынасыңар деп коркутуу болду, деп белгиледи Осмонов. Президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов судьяларды коркутуу болду деген Осмоновдун сөзүн четке какты. Ал «биз курултайды уюштуруу иштери, финансылык маселелери чечиле электигин судьялар ассосациясынын төрагасы Алмаз Кудайбергеновго эскерткенбиз»,- деди Анарбек Исмаилов.

XS
SM
MD
LG