Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:11

АКШ ПРЕЗИДЕНТИ ГРУЗИЯНЫН ДЕМОКРАТИЯНЫ ЖАЙЫЛТУУДАГЫ РОЛУН ЖОГОРУ БААЛАДЫ


Шейшембиде Грузияда болгон АКШ президенти Жорж Буш бул өлкөнүн мурдагы советтик республикалар гана эмес дүйнөнүн башка чөлөмдөрүндө демократияны жайылтууда кошкон салымын жогору баалады. Ал Тбилисидеги Эркиндик аянтында оң миңдеген адамдардын алдында сөз сүйлөдү. Грузин президенти Михаил Саакашвили болсо Жорж Буштун визитин өз мекени үчүн ири саясий жетишкендик катары мүнөздөдү.

Бул АКШнын кызматтагы президентинин Грузияга алгачкы ирээт келиши эле. Ал Тбилисиге Москвада Экинчи дүйнөлүк согуш аякташынын алтымыш жылдыгына арналган салтанаттарга катышкан соң учуп барган болчу. Шейшембиде расмий сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң Жорж Буш менен Михаил Саакашвили Тбилисинин Эркиндик аянтына жыйналган оң миңдеген адамдар алдына чыгышты. Өз визити аркылуу Грузияга мурдагы советтик республикалардын аймагында демократияны жайылтуудагы ролу үчүн урмат көрсөтүүнү көздөгөн Буш ал дүйнөнүн башка чөлкөмдөрүндөгү мамлекеттер үчүн да үлгү болгонун айтты. Маселен Грузия 2003-жылдын ноябрында баштан кечирген роза ыңкылабына токтолуп, мындай деди:

- Сиздер ушул жерге чогулуп, роза жана өз ишенимиңердин күчү менен гана куралдангансыңар жана силер эркиндик алдыңар.Силердин аракетиңер Грузияны эркин, көз карандысыз кылып, чөлкөмдөгү жана дүйнөдөгү эркиндиктин маягына айлантты.

Андан ары Буш эркиндиктин жолунда Грузия жалгыз кетпесин убада кылды:

- Сиздер тандаган эркиндиктин жолу даңгыр эмес, бирок сиздер анда жалгыз калбайсыңар. Америкалыктар эркиндикти тандоодогу каарман кадамыңарды урматтайт. Эркин жана демократиялык Грузияны курууда Американын эли сиздер менен бирге турат.

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун окуяга күбө болгон кабарчысы Роберт Парсонстун айтымында, Буштун сөздөрүн аянттагы миңдеген грузиялыктар кыйкырык, кол чабуулар менен коштоп жатышты.

Жорж Буш Грузиядагы роза ыңкылабы башкаларга үлгү болгону жөнүндө айтып жатып Украинадагы саргылт ыңкылапты, соңку айларда өзгөрүүлөр орун алган аймактардын катарында кыргыз башкалаасы Бишкекти да атай кетти:

- Акыркы айларда дүйнөнү Багдаддан Бейрутка, Бишкекке чейинки аймактагы үмүттөндүргөн өзгөрүүлөр таң калтырды. Бирок Ирактагы кызгылт- көк, Грузиядагы саргылт, же Ливандагы кедр ыңкылабына чейин, Грузияда роза революциясы болгон. Азыр Кавказ менен Борбор Азияда, кенен Жакынкы Чыгышта биз жаштардын жүрөгүндө эркиндикке умтулунун отун көрүп жатабыз. Алар өз эркиндигин талап кылышууда жана муну алышат.

Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын алтымыш жылдыгынын ураматына АКШнын президенти өзү катышкан Москвадагы салтанаттарга грузин президенти Михаил Саакашвили барган эмес эле. Мунун жүйөөсү катары Саакашвили Москва менен Тбилиси Орусиянын Грузиядагы аскерий базаларынын айланысындагы талашты чече албай жаткандыгын атаган. Буштун визити учурунда ушул маселе тууралуу да сөз болгондой.

Грузин президенти Михаил Саакашвили менен бирге өткөргөн пресс –конференцияда Жорж Буш орус президенти Владимир Путин аны Москва 1999-жылы ЕККУ уюмунун саммитинде жетишилген макулдашууларды карманууга ишендиргенине токтолду:

- Ал мага 1999-жылы түзүлгөн макулдашууну эскертти. Орусия грузин өкмөтү менен бул макулдашуудагы милдеттемелерин аткаруу жаатында иштешүүнү кааларын айтты. Менимче Грузиядагы адамдар үчүн муну угуу маанилүү болмок, бул маселени чечүүгө негиз берет.

Дегеле Грузияны өзүнүн таасир көргөзүүчү аймагы деп санап келген Орусияда көпчүлүк Буштун визитин АКШнын мурдагы советтик республикага чечкиндүү жана тереңдеп кириши катары карайт. Грузин президенти да алар Кошмо штаттарды Орусиянын басымынан коргоочу ирээтинде көрөөрүн көп деле жаап- жашырган эмес. Саакашвили айтып жүргөндөй, алардын
максаты - Евробиримдикке жана НАТОго кошулуу. Буш бүгүн эл алдында сүйлөгөн учурунда Грузиянын мындай амбициялуу мүдөөсүнө колдоо көргөздү. Ага катар Грузиянын Батышка интеграциялануусу үчүн өзүнүн жикчил чөлкөмдөрү менен чатагын тынч чечүүсү абзел экенин эске салды.

Ал эми Буштун айткандарын, дегеле анын визитин катардагы грузиялыктар кандай кабыл алышты? "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун окуяга күбө болгон кабарчысы Роберт Парсонс буларды билдирет:

- Жеке деңгээлден алганда, менимче грузиялыктардын сезими баарыдан мурда Жорж Буш Грузияга келгени үчүн козголду. Бул - колдоонун ишаарасы. Менимче алар бул колдоо гана экенин жана сөзсүз эле конкреттү кадамдар менен коштолбосун түшүнөт. Бирок Жорж Буш өзү Грузия жалгыз калбайт деп айткандай, дүйнөнүн эң кубаттуу өлкөсү Грузияны дос катары карап, азыр алар оор кыйынчылыкты баштан кечирип жатканын ойлоосу бир нерсени каңкуулап турат.

АКШнын президенти Грузияда болуу менен Европадагы иш сапарын жыйынтыктап, шейшембиде эле мекенине жөнөп кетти.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG