Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

ИРАКТАГЫ КЫРДААЛ КҮЧӨП БАРАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага 11-май Иракта өтө оор күн болду - өлкөнүн ар башка аймактарында бир нече террор аракети ишке ашырылып, жетимиштен ашык адам набыт кетти. Андан тышкары, мындан бир ай мурдагы абал менен салыштырганда, азыр өлкөдө бир күндө болгон кагылышуулардын саны эки эсеге көбөйдү, америкалык генералдардын айтымында болсо, согушкерлердин даярдыгы да бир топ жогору деңгээлге көтөрүлдү.

11-май күнү Ирактын Тикрит жана Хавия шаарларында эки ири террордук аракет ишке ашырылды, андан тышкары борбор калаа Багдад шаарында беш жардыруу болду жана өлкөнүн башка аймактарындагы кагылышууларда курман болгондордун санын кошкондо, бардыгы болуп жетимиштен ашык адам набыт кетти.

Иракта азыр жумушсуздук маселеси өтө оор жана Тикрит шаарында эртең менен көптөгөн адам күнүмдүк жумуш издеп, бир полиция түйүнүнүн жанына чогулган. Ал жерге эртең мененки алты жарымда бир жигит машине менен келип, кимге жумуш керек деп сураган. Чогулгандар анын машинесине жакын чуркап келгенде, машине жарылып кеткен. Кээ бир башка кабарларга караганда, ал жигит машинеден чыгып, мага жумушчулар керек деп кыйкырган, эл анын жанына чогулганда, ал азыр келем деп бир жакка чуркап кеткенде, машинеси жарылып кеткен. Кыркка жакын адам өлүп, сексендей адам жараат алды.

Хавия шаарында дагы жумуш издеген адамдар чогулган жерде бир жан кечти өзүн өзү жардырып жибергенден отуздан ашык адам курман болуп, дагы отуздан ашыгы жараат алган. Багдадда болгон беш жардыруунун бири учурунда ал жерге бир ирактык полициячы чуркап келгенде, кайсы бир көзгө атар мерген ага алыстан ок аткан. Мурда жардыруудан кийин окуя болгон жердеги адамдарга каршы ок атуу учурлары катталган эмес, бирок америкалык аскерлерге каршы бул жолу дагы ок атылган жок.

Кээ бир эксперттердин пикиринде, бул окуялар - Ирактагы шийи жана сунни мусулмандар арасында араздашуу жаратууну көздөгөн аракеттерге окшош. Тикрит менен Хавия шаарларында жумуш издеп чогулгандар негизинен шийилер болчу. Өлкөдө январда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо шийилер утуп чыкты жана жаңы түзүлгөн өкмөттү жетектөөгө шийи Ибрагим ал-Жаафари дайындалды, ал эми өлкөнүн президенти болуп күрд Жалал Талабани шайланды. Буга чейин болсо көптөгөн жылдар бою өлкө калкынын жыйырмага жакын гана пайызын түзгөн суннилер мамлекет башкарып келген.

Март айында Иракта күнүнө 30-35 ар башка кагылышуу катталып келсе, андай окуялардын саны азыр жетимишке жетти. Америкалык аскерий жетекчиликтин өкүлү генерал Жеймс Конвейдин айтымында, согушкерлердин даярдыгы дагы жаңы деңгээлге көтөрүлгөн сыяктуу:

- Согушкерлер аскерий кийим кийип жүрүшөт, кээ бирлеринин чопкут чыптамалары бар, айрым кабарларга караганда, аларды даярдоо иштери бир топ жогору деңгээлге коюлган жана аскерий аракеттер чыгыш тарапка жайылууда.

Улуу Британияда чыккан "Жейнс сентинел" деген журналдын эксперти Жереми Биннинин пикиринде, мындай жан кечти аракеттерди тыюу улам татаал маселеге айланып баратат:

- Ирактагы жан кечтилик аракеттердин алдын алуу өтө кыйын, бийлик суннилердин басымдуу көпчүлүгүнүн көңүлүн алган учурда дагы, кайсы бир майда топтор жашыруун ишин улантып, андай террор аракеттерин ишке ашырууга жөндөмдүү бойдон кала берет.

Иракта жаңы бийлик түзүлгөндө, ал коопсуздук маселесин колго алып, абалды оңдойт деген пикирлер да азырынча актала элек, кээ бир саясатчылардын айтымында болсо, өкмөт курамын аныктоо иши эки айдан ашык созулуп кеткени да өз кесепетин тийгизди.

XS
SM
MD
LG