Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

Кыргызстандыктар паспорт менен камсыз болот


БИШКЕК. Кыргызстандын өкмөт башчысы Курманбек Бакиев атуулдарды паспорт менен камсыз кылуу боюнча токтомго кол койду. Ага ылайык 1994-жылкы үлгүдөгү паспорттун жарактуу мөөнөтү 2007-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Ошондой эле паспорту жок атуулдарга 2004-жылкы үлгүдөгү паспорт он жылдык мөөнөт менен бериле баштайт. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, үстүбүздөгү жылы 350 миң атуулга паспорт берилет. Жогорку Кеңештин депутаттардын маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда кеминде 300 миңге жакын атуул паспорту жок жүрөт.

XS
SM
MD
LG