Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:01

Эки лидердин кадамы оң бааланууда


БИШКЕК. Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун меморандумга кол коюушу туура кадам жана ал Кыргызстанда абалды турукташтырууга алып келет, деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев. Меморандумда президент менен премьер-министрдин ыйгарым укуктарынын бөлүнүшү Конституциялык реформанын жүрүшүнө да оң таасирин тийгизет, деп белгиледи Сариев. Анын пикиринде, негизги маселе эми ошол меморандумдун шарттарын тараптардын аткарышында. Эгерде ал аткарылбаса абал курчуп кетиши ыктымал. Укук коргоочу Турсунбек Акун да Бакиев менен Куловдун биригишин кубаттаарын билдирди. Ал эми «Демократия жана атуулдук коом үчүн» колаициясынын президенти Эдил Байсалов Куловдун кадамын патриоттук кадам катары баалады.

XS
SM
MD
LG