Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:17

Бакиев менен Кулов бирикти


БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев менен «Арнамыс» партиясынын лидери Феликс Кулов президенттик шайлоого байланыштуу өткөн түнү меморандумга кол койду. Ага ылайык Феликс Кулов президенттик шайлоого катышпайт, ал эми Бакиев шайлоодо жеңип чыкса Феликс Кулов премьер-министрлик кызматка дайындалат. «Арнамыс» партиясынын лидери 13-майда кечинде билдирүү таратты. Анда «Элдин жана мамлекеттин жогорку кызыкчылыгын эске алып, биз Курманбек Бакиев экөөбүз өлкөдө туруктуулук жана тынчтыкты камсыз кылуу жоопкерчилигин өзүбүзгө алдык. Биз шайлоо кампаниясында жана андан кийин биргелешип иш жүргүзөбүз. Биз элдин жыргалчылыгы үчүн биргелешип иштөөгө бел байладык», деп айтылган. Өзүнүн тарапкерлерине болгон кайрылуусунда Кулов премьер-министрдин ыйгарым-укуктарынын алкагында президенттик программасын аткарууга аракет кылаарын белгилеген.

Ысыккөл облусунда иш сапар менен жүргөн президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев Феликс Кулов менен түзүлгөн келишим тууралуу буларды билдирген:

-Мына кечээ түнкү саат он бир жарымда келишимге кол койдук. Мен жана Кулов кол койду. Ал келишимге ылайык, Бакиев президенттик шайлоого барат. Феликс Шаршенбаевич Кулов барбайт. Бирок Бакиевди колдойт. Шайлоо бүткөндөн кийин премьер-министрликке Феликс Шаршенбаевич көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG