Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

АНЖЫЯНДЫКТАР КАРИМОВДУН ӨКМӨТҮНӨ НАРАЗЫ


Өзбекстандын Анжыян шаарында жума күнкү кандуу кагылышуудан кийин жүздөгөн кишилер кайра чогулгандыгы кабардалды. 13-майдагы өзбек коопсуздук күчтөрү менен менен жергиликтүү калайыктын кагылышуусунун айынан канча киши өлгөнүн так аныктоого мүмкүн болгон жок. Расмий Ташкендин айтымында, 30 киши өмүрүнөн ажыраган, бирок башка булактар набыт болгондордун саны мындан алда канча көп экендигин билдирүүдө. Ишембиде жүздөгөн өзбекстандыктар коңшу Кыргызстан аймагына кирүү үчүн чек ара тилкесине топтолгондугу кабардалды.

Бүгүн, ишембиде да жүздөгөн кишилер Анжыян шаарынын чордонунда Бабурдун эстелигинин алдындагы аянтка чогулду. Нааразылык кылгандардын арасында жума күнү өкмөттүк коопсуздук күчтөрү менен кагылышуу маалында курман болгондордун жакындары да бар. Алар аялдар менен жаш балдардын чогулганына карабай, куралсыз калайыкка каршы ок аткандыгы үчүн өкмөттүн коопсуздук күчтөрүн айыпташты.

Анжыянда ишемби күнү жыйылган элге күбө болгон «Азаттыктын» кабарчысы Садриддин Ашуров ишемби күнү түшкө дейре жиберген кабарында айрым кишилер өз жакындарынын дайынын билбей, алардын сөөгүн издеп жүргөнүн айтты:

- Мен азыр Анжыян облустук акимиятынын жанында жүрөм. Мында абдан көп кишилер чогулган экен. Алар өз нааразылыгын билдирүүдө. Кечээки окуя тууралуу сөз кылып, алар бейпил кишилердин (арасында аялдар менен балдар да бар) окко бейкүнөө кабылышын талкуулашууда. Алардын айтымында, өкмөттүк күчтөр эч кимди аяган жок. Кишилер набыт болгондордун сөөктөрүн Бабурдун эстелигинин алдына алып келүүдө. Алар сөөктөрдү ак кепиндеп, эстеликтин жанына тизип коюшту.

Окуянын баары жумага (13-майга) караган түнү башталды. Исламчы катары айыпталып, камакка алынган кишилерди анжыяндык калайыктын бир тобу абактардан куралдуу күч колдонуу менен бошотуп алышты. Алар менен коопсуздук күчтөрүнүн алгачкы кагылышуусу болду.

Ал эми жума күнү бир нече миңдеген кишилер чогулуп, кылкылдаган калайык Анжыян облустук акимиятынын кеңсесин басып алышты. Алар менен расмий Ташкендин өкүлү сүйлөшүү жүргүздү, бирок андан кандай натыйжа чыкканы белгисиз.

Жума күнү кечке жуук Өзбекстандын коопсуздук күчтөрү оор аскердик унааны колдонуу менен чогулган демонстранттарга каршы чабуул койду. Демонстранттардын коопсуздугун сактаган куралдуу кишилер алар менен атыша баштады. Демонстранттар президент Ислам Каримовдун кызматтан кетишин да талап кыла башташты.

Күч тең эмес болуп, облустук акимият имараты кайрадан өкмөт тарапка өттү. Алигиче бул салгылашууда канча киши набыт болгону так эмес.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов ишембиде маалымат жыйынын өткөрүп, Анжыяндагы окуялар үчүн өзү «исламчы экстремисттер» деп атаган күчтөрдү айыптады. Анын маалымдашынча, 30дай киши өлдү, алардын арасында өкмөттүк жоокерлер да бар.

«Франс пресс» агенттиги анжыяндык оорукананын бир дарыгеринин сөзүнө шилтеме кылып, бери дегенде 50 киши өлгөнүн айтты. Айрым булактар мындан да көп сандагы киши өлгөнүн билдирүүдө.

Толук тактала элек маалыматтарга караганда, миңдеген өзбекстандыктар коңшу Кыргызстандын чек арасынан өтүүгө камынууда. Бир нече жүздөгөн киши кыргыз чек арасынан өтүүгө үлгүргөнү, аларды кыргыз чек арачылары тосуп турганы да кабардалды.

Дүйнө жүзүндө бул окуялар кызуу талкууга алынууда. АКШга келсек, Ак Үйдүн басма сөз өкүлү Скотт МакКлеллан (Scott McClellan) жума күнү кечинде чыгып сүйлөп, каршылашкан тараптарды сабырдуулукка чакырган:

- Биз өкмөттү да, демонстранттарды да сабырдуу болууга чакырабыз. Өзбекстан эли көбүрөөк өкүлчүлүктүү жана демократиялуу өкмөттү түзүүнү каалайт, бирок бул жараян зомбулук аракеттер аркылуу эмес, тынчтык усулдар менен жүзөгө ашырылууга тийиш.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун оюнча, расмий Ташкен кырдаалды акырындап жөнгө салууда:

- Биринчиден, бул - Өзбекстандын ички иши. Биз бул өлкөдөн келип жаткан маалыматтарды кылдат иликтөөдөбүз. Соңку түшкөн маалыматтар бул өлкөдө кырдаал турукташа баштаганын айгинелейт.

Бирок, жума күнү кечкурун Орусиянын тышкы иштер министрлиги нааразылык кылгандардын иш-аракетин «экстремизм» катары айыптады. Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев да Анжыян окуялары үчүн исламчылар жоопкер деген пикирин ишембиде билдирди.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму азырынча Анжыяндагы окуялар тууралуу кандайдыр-бир пикирин жарыялай элек.

Европа Биримдиги болсо Өзбекстан өкмөтү өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышына, мыйзамдуулук жагдайына жана жакырчылыкка каршы күрөшүүгө маани бербегендиктен, дал ушундай окуялардын чыгышына негиз берди, - деп расмий Ташкенди сынга алды.

XS
SM
MD
LG