Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

КАРАСУУДА ТАҢГА МААЛ ТЫНЧ БОЛДУ


Бүгүн (жекшембиде) таңкы саат алтыларда Кыргызстандын Карасуу шаарына тутумдаш болгон өзбекстандык Карасуу шаарчасында кырдаал тынч экенин оштук кабарчыбыз маалымдады. Такталбаган маалыматтарга караганда, Өзбекстандын коопсуздук күчтөрү совет доорунда Ильичевск деп аталган бул шаарчаны көздөй кечээ кечинде аттандырылган. Бул шаарчанын бир катар расмий кеңселери кечээ козголоңчулар тарабынан өрттөлүп жиберген.

Жума күнкү козголоң ырайымсыз жол менен басылган Анжыян шаарынан качып келген бир нече миңдеген киши кечээ Карасуу шаарчасындагы (мурдагы Ильичевск) акимиятты басып алып, акимди барымтага алышкан, ал эми түштөн кийинки саат төрттөн тартып бул шаарчадагы бир катар расмий кеңселерди өрттөп жиберишкен. Алардын арасында полиция бекетинин жана салык инспекциясынын имараты да бар.

Карасуунун Кыргызстан тарабында чек ара тосулуу бойдон.

Оштогу кабарчыбыз Кубаныч Жолдошев бүгүн Бишкек убактысы менен таңкы саат алты жарымда мындайча маалыматы менен бөлүштү:

- Кыргызстандын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн саат алтыдагы бизге берген маалыматына караганда, өзбекстандык Карасуу шаарчасында кырдаал тынчыраак эле экен. Чек арадан жапатырмак жиреп өтүүгө аракет кылган топтор болгон жок деп айтышты.

Ишемби күнү Анжыяндагы Бабурдун эстелигинин жанына көптөгөн куралсыз кишилер чогулган эле. 13-майда набыт болгон жакындарына жаны ачыган шаар тургундары жана аларга тилектештер расмий Ташкенге жана президент Ислам Каримовго наалат айтып жатышты.

Бир аял, маселен, Каримовдун режиминин нааразылык кылгандарга каршы катаал чарасын өз элине каршы жасалган «тукум курут саясатына» теңеди:

- Өзүнүн калкын өлтүрүүгө барган адам – геноцид жасаган киши. Бул – фашисттик кылмышка тете. Куралсыз аялдарга, балдарга ок атышты. Каримов жоголсун! Каримов жоголсун!

Демонстранттар бул аялды коштоп өзбек президентине каршы ураан чакырышты.

Ал эми президент Каримовдун ишембидеги сөзүнө караганда, Анжыяндагы козголоңдун артында «Хизбу-т-Тахрир» уюмунун жергиликтүү тармагынан тышкары, чет өлкөлүк күчтөр да турат:

- Алардын, жоочулардын арасында – кошуна мамлекеттерден келген катышуучулар да бар. Алардын аты-жөнү, ким экендиги тууралуу кошумча маалымат беребиз!

Өзбек президентинин маалымдашынча, жума күнү өкмөттүк күчтөр менен нааразылык иш-аракетке баргандардын кагылышуусунун айынан 30дай киши набыт болду.

Укук коргоочулар бул маалыматка макул эмес. Алардын айтымында, 13-майдагы Анжыяндагы козголоңдун катышуучулары менен Өзбекстандын коопсуздук күчтөрүнүн кагылышуусунун натыйжасында 300дөн ашуун киши өмүрүнөн айрылды. Алардын арасында куралсыз бейкүнөө кишилер да бар.

Айрым маалыматтарга караганда, Өзбекстандын Анжыян шаарынан качып чыккан кишилердин бир нече миңи Кыргызстандын Жалалабат облусуна карай кетчү чек ара бекеттерин көздөй да топтолууда.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Өмүрбек Текебаев саясий башпаана издеп келген өзбек качкындарына башпаана берүүгө Кыргызстан милдеттүү экенин кечээ «Азаттыктын» кабарчысынын суроосуна берген жообунда эскерткен.

XS
SM
MD
LG