Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:58

МИРОСЛАВ НИЯЗОВ: «КЫРГЫЗСТАНГА КУРАЛДУУ АДАМДАР ӨТКӨН ЖОК»


Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов 15-майда «Азаттыкка» интервью берип, Анжияндагы окуяларга байланыштуу кыргыз-өзбек чегарасында түзүлгөн жагдайга токтолду. Мирослав Ниязовдун айтымында Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына 541 адам өтүп келген, бирок азырынча аларга качкын деген статус бериле элек. Абал негизинен турукташып баратат деп билдирди Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов.

- Мирослав мырза, Анжияндагы окуяларга баланыштуу Сузак районуна Өзбекстандын 500дөн ашуун атуулдары келди деген маалымат бар. Алар азыр кайсы жерде турушат жана алардын мындан аркы тагдыры, жашоосу кандай болот?

- Арасында кыргыздар дагы бар деген маалымат түштү. Толугу менен такталган жок, бирок арасында кыргыздар да бар деп айтылып жатат. Бүгүнкү алган маалымат боюнча 541 адам Өзбекстандан келиптир. Алардын арасында 21 жаш бала бар экен. 84 аял киши, 17 киши жаракат алышыптыр, 12 киши түрмөдөн качкан адамдар экен. Эми чек арада, эртең мененки маалымат боюнча, тынчылык. Мындай өтө деле коркунучтуу эч нерсе деле жок экен. Карасуу районунда чек арада азыр Өзбекстандан келген адамдар менен чогуу базар ачылып жатыптыр. Мурдагы көпүрөнү бир тарап Өзбекстан алып салбады беле. Эми эл өзүлөрү көпүрөнү салып, азыр кадимкидей катнаш башталды. Мурунку бийлик кетирген кемчиликтерди эл өзү оңдоп жатат. Бирок мунун бардыгы көзөмөл жолу менен болуп жатат. Жаман ойлор менен жаман күчтөр Кыргызстанга кирди деген менде маалыматтар жок. Куралдуу адамдар бизге өткөн жок. Курал, бангизаттар дегендерди фильтрация пунктары караштырып жатат. Иши кылып эки элде тиричилик болуп жатат.

- Демек, биздин аскерлер карап жатат аларды, ал эми Өзбекстан тараптын аскерлери өткөргөн жок да, туурабы?..

- Биздин аскерлер, биз жак тарап керектүү чара көрүп жатышат. Мен ойлоп жатам ушул эки элдин ортосунда азыр жакшы мамиле болуп жатат деп. Ал эми 541 адам биздин жерде туруп жатпайбы, аларга жергиликтүү эл коюн союп, нанын алып келип, абдан жакшы мамиле кылып жатышат.

- Мамлекет тараптан кандай жардамдар көргөзүлөт? Аларга качкын деген статус берилеби?

- Азырынча качкын деген статусту бере элекпиз. Анткени анын дагы өзүнүн жолу болот экен. Азыр ушул акыбалды караштырып жатабыз. Өзбек тарап менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Кечээ күнү мен Бириккен улуттар уюмунун өкүлдөрү менен Кызыл жарым ай коому, качкындар боюнча башкармалык деген дагы бир топ эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуп, сүйлөштүм. Алар жардам көрсөтөбүз деп, колубуздан келген жардамды беребиз деп, качып келген адамдарга керектүү жардамды тез аранын ичинде беребиз деп жатышат. Булардын бардыгы бүгүн түштөн кийин Ошко учуп барып, алар менен иштешет.

- Алардын жатагы, тамак-ашы кандай болот?

- Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги палаткаларды тигип, самын, суу берип, санитардык шарттарды түзүп, ысык оокат баарына таратылып берилип жатат. Бүгүндөн тартып буларга кадимкидей мамиле жасалат.

- Мирослав мырза, сиздер - Кыргызстандын бийлиги Өзбекстандын бийлиги менен кабарлашып жатасыздарбы?

- Албетте, жергиликтүү администрациялар, курал күчтөрдүн жетекчилери күнүгө бири-бири менен сүйлөшүп, ошого жараша иш кылып жатышат

- Курманбек Бакиев менен Ислам Каримовдун ортосунда сүйлөшүү жүрдүбү же жүргөн жокпу?

- Мен билген маалымат боюнча Өзбекстандын премьер-министри менен ар убакта сүйлөшүү болуп жатат. Бирок анын негизин билбейм мен.

- Кечээ биздин кабарчыларыбыз түштүктөн маалымат алган учурда Өзбекстандын аскер вертолеттору Кыргызстандын чегарасынан өтүп, Кыргызстанга кирип кеткен учурлары болду деп үнүн да жаздырып алдык. Сиздерде ушундай маалыматтар барбы?

- Азырынча толугу менен мындай маалыматты ала элекмин. Мүмкүн кечирээк келээр андай маалымат. Азырынча жок.

- Негизи Анжияндагы окуяларга байланыштуу биздин Кыргызстандагы жалпы кырдаал, туруктуулук кандай деп эсептейсиз?

- Мен ойлоп жатам, азыр туруктуу болуп жатат. Эки эл тууганча мамиле кылып жатышат. Мен ошого ичимен кубанып турам. Оокат-ашын, кийим-кечесин алып келип, малды союп берип жакшы мамиледе турушат.

- Ош, Жалалабат облустарынын аймагында чекараларды кайтарууга ошол жердеги аскерлердин күчү жетеби же Бишкектен да аскерлер жеткирилдиби?

- Азырынча жетиштүү. Тигил жакта министрдин орунбасарлары бар, алар чара көрүп жатышат. Кошумча күч сураган жок.

Сүрөттө: Карасуудагы Шахрихансай чек ара бекети - 15.05.2005.

XS
SM
MD
LG