Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

АНЖИЯНДАГЫ КЫРГЫЗДАРДЫН АБАЛЫНАН КАБАР ЖОК


Кубанычбек Жолдошев, Ош Кыргызстанда Анжияндагы этникалык кыргыздардын учурдагы коопсуздугуна кабатыр болгон пикирлер айтыла баштады. Ош облусунда иш сапары менен жүргөн Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу да бул багыттагы тынчсыздануусун билдирди. Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгү Өзбекстандагы этникалык кыргыздар менен телефон аркылуу байланышууга мүмкүн болбой жаткандыгын кабарлады.

Этникалык кыргыздардын басымдуу бөлүгү Өзбекстандын Анжиян облусундагы Коргонтөбө, Кожабад, Пахтабад жана Жалакудук райондорунда жашашат. Алардын көпчүлүгү Кыргызстандын түштүк облустарынын тургундары менен тууганчылык байланышта. Анжиян окуяларынан кооптонушкан Ош шаарындагы коомчулуктун өкүлдөрү ал жактагы этникалык кыргыздардын тагдырына кыргыз өкмөтү тиешелүү көңүл бөлбөй жатат деген сын-пикирлерин билдиришти:

- Анжиян облусунда жана Анжиян шаарында этникалык кыргыздар жашашат, алар басымдуу бөлүктү түзөт. Тилекке каршы кыргыз өкмөтү ошолор үчүн кам көрүп, кабар алып, атайын Өзбекстан өкмөтүнө, президентине кайрылуу жасап, алардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында эч кандай аракеттерди жасагандыгы байкалбайт. Бул мени өтө тынчсыздандырат, - деди Ош шаарынын тургуну Азизбек Алымкожоев.

Кыргызстандын миграция кызматынын түштүк өкүлчүлүгүнөн алынган маалыматка караганда, Анжияндагы окуяларга этникалык кыргыздар аралашкан эмес. Бирок учурда алардын коопсуздугунун кепилдиги жөнүндө Өзбекстандын ырасмий бийликтеринен эч кандай маалымат жок. Ош шаарында атайын иш сапары менен жүргөн Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу Анжияндагы этникалык кыргыздардын абалына тынчсызданып жаткандыгын билдирди:

- Бизде ыңкылаптан кийин орустар чочуп кетип атпайбы Орусияга, мен ойлойм кыргыздар да чочуп, алдын ала өздөрүн сактаганга аракет кылып атышат деп. Менимче, азыркы Өзбекстандагы окуялардан кыргыздар качышкан жок. Бирок Өзбекстандын бийлиги кепилдик бериши керек. Бүгүн мен Бишкекке кайтып, эртең Бишкекте пресс конференция беремин жана Кыргызстандын ырасмий бийлигине кайрылам, чет өлкөдөгү кыргыздардын маселесин көтөрүшүңөр керек, Өзбекстан кепилдик бериш керек бул жерде. Өзбекстанда жашап жаткан кыргыздарга эч ким кол салбайт, эч ким тийбейт деп.

Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча өкүлү Бектур Аданов Анжияндагы окуяларга жергиликтүү этникалык кыргыздардын катышы жок экендиги такталгандыгын айтып, бирок эки күндөн бери Өзбекстандагы кыргыз улуттук борбору менен байланыш жок болуп жаткандыгын белгиледи:

- Анжиян облусунда 300 миңге жакын этникалык кыргыздар жашайт. Маалымат алалы деп бир топ жолу телефондорго чалдык, бирок тилекке каршы байланыштар болбой жатат. Эгер маалымат болуп, этникалык кыргыздар ал жерден Кыргызстанга келебиз десе же жардам сураса биз дайым даярбыз.

XS
SM
MD
LG