Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:37

Жогорку Кеңеш алдында да нааразылык


БИШКЕК. Жогорку Кеңеш имарат алдына 16-майда баш аягы эки жүзгө жакын атуул нааразылык акциясына чыгышты. Алардын көбүрөөгү Жогорку сот төрагасы Курманбек Осмоновду кызматтан кетирүүнү талап кылышты. Ошондой эле ал жерге Курманбек Осмоновдун да элүүдөй жактоочусу келишти. Эки тараптын ортосунда кайым айтышуу болуп, мушташып да кете жаздашты. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон атуулдар 22-апрелде Жогорку соттун имаратын басып алган. Андан көп өтпөй Курманбек Осмонов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, бир аз убакыттан соң арызын кайтарып алган.

XS
SM
MD
LG