Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:29

КАРАСУУ: ӨЗБЕК АТУУЛДАРЫ АВТОУНАА КӨПҮРӨСҮН АЧУУНУ ТАЛАП КЫЛЫШУУДА


Султан Каназаров, Карасуу Карасууда кыргыз-өзбек чегарасын бойлогон төрт чегара пункту бар. Эки күндөн бери Төрткөчө чегара пунктунда жарандардын эки тарапка кирип-чыгуусу тоскоолдуксуз. Жакын арада бул жерде автоунаа көпүрөсү аркылуу да чегара ачылышы ыктымал.

Кыргыз-өзбек чегарасындагы Шахрихансай бекетинде автоунаа өтчү көпүрө өзбек жарандары тарабынан калыбына келтириле баштады. 14-майдан тарта Ош облусунун Карасуу районундагы Төрткөчө чегара постундагы биринчи көпүрө өзбек жарандары тарабынан оңдолуп, адамдарды өткөрө баштаган. Кыргыз чегара кызматы өзбек жарандарына Кыргызстанга кирип-чыгуу укугун берүүгө мажбур болушкан. Азырынча калыбына келтирилген Шахрихансай постундагы автоунаа көпүрөсү аркылуу жарандардын чегара аркылуу өтүүсүнө Кыргызстандын чегара кызматы уруксат бере элек. Өзбек атуулдары эгер аларга кыргыз тарапка өтүү укугун бербесе күч колдонуусу мүмкүндүгүн айтышууда.

Автоунаа көпүрөсү оңдолуп жаткан кезде биз көпүрөнүн өзбек тарабындагы адамдар менен маектешүүгө аракет кылдык. Бирок өзбек жарандарынын кыргыз журналисттерине мамилеси жакшы эмес. Алар биздин үн жазгыч жана күбөлүктөрүбүздү тартып алышып, сүйлөшүүлөрдөн соң кайра беришти. Өзбек жарандары журналисттер көпүрөнү калыбына келтирип жаткан адамдар туурасында маалыматты өзбек тартип коргоо органдарына берип коюшу мүмкүн деп шектенишиптир.

Бул күнү кыргыз-өзбек чегарасындагы төрт көчө постундагы адамдар өтүп жаткан көпүрөгө Кызыл жарым ай коомунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Жерон Фурк келип кетти.

Фурк мырзанын айтымында, азыр Өзбекстандын Кыргызстанга өтүп келген качкындары бар. Бирок азырынча качкындар үчүн атайын лагерь ачууга негиз жок.

Чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, учурда Жалалабат облусунун Сузак районунда 528 өзбек жараны турат. Тастыкталбаган маалымат боюнча, Базаркоргон районуна да алты жүздөн ашуун качкын кирип алган.

Биз Өзбекстандын Коргонтөбө районуна кирип, эл менен мектешкенибизде акыбал жөнгө келип калганын баамдадык. Аймакта бардык социалдык кызматтар өз иштерине киришишкени менен милиция, бажы, чегара, салык жана жол полициялары иштебей турат.

Коргонтөбө районунун акими Маликжан Касымовдун билдиргенине караганда, тартип коргоо органдары бүгүн ишке кириши керек эле, бирок андай болгон жок. Милиция кызматкерлери өз коопсуздугун камсыз кылмайынча ишке чыкпастыгын билдиришкен. Кыргызстанга чектеш бул район азырынча элдин көзөмөлүндө калууда.

Өзбек соодагерлери Ош облусунун Карасуу районунда жайгашкан Фергана өрөөнүндөгү эң чоң базарга келип, соода кылышчу. Азыр алар жокко эсе.Базарда дээрлик 90 пайыз соода орундары жабык бойдон турат. Ал эми Төрткөчө бекетинен жөө кирип жаткан өзбек жарандары базардан керектүү буюм-тайымдарды сатып алып жатышат.

Өзбек жарандары кыргыз-өзбек чегарасын ачуу - өзбек элинин муктаждыгы экенин белгилешүүдө

XS
SM
MD
LG