Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:10

АНЖИЯН КАПСАЛАҢЫ: КЫРГЫЗСТАНГА АГЫЛГАН КАЧКЫНДАР, КАРИМОВ КИНЕНИ КОҢШУЛАРГА КОЮУДА


Анжиян капсалаңынан качып чыккандардын көбү агылып Кыргызстанды каптады. Кыргызстандагы март ыңкылабынан соң Борбор Азияда жеке бийлигин орнотуп алгандардын шаштысы кетүүдө. 24-мартта Кыргызстанда эмне болуп өттү? Элдик ыңкылаптын чоо-жайы ушу тапта кызуу талкууга алынууда.

«Өзбекстанда эмне болгонун так айтыш кыйын. Коңшу өлкөдө эркин маалымдоо каражаттары жок. Расмий Ташкен башка жүйөөнү алдыга жаюуда», деп жазат шейшембидеги «МСН» гезитинде Юрий Груздов. Анжиян капсалаңы, өзбек расмий бийлигинин ырасташынча, алдын-ала даярдалган иш болчу. Анжияндан чыккан көтөрүлүштүн жалыны жалпы Фергана өрөөнүнө жайылып, андан бүт Өзбекстанга өтмөк.

Антип Ташкендин нараазы калкты козуткан күчтөр деп диний чаарбаштардын атын атап отурушунун артында иралды Батышты жайкоо, өлкөнү туташ каптаган коррупция менен жаалы катуу режимди жаманатты болуудан сактоо аракети турат.

Анжияндагы көтөрүлүштөн карабашын калкалап качып чыккандардын катары арбып, алар Кыргызстан чек арасына агылууда. Башында экономикалык талаптарды көтөрүп чыккан эл эми саясий ураан-чакырыкка өттү, И.Каримовду кызматтан кетирип, элге ок аткандарды жазалоону талап кылышууда.

Пулемет менен жүздөгөн жөнжай адамдарды аттырган канкорду «экстремисттер менен күрөшүүчү» деп жаамы дүйнө колдоп турганын көргөндө заманаң куурулуп кетет экен деп жазат ташкендик жаран «Бейкүнөө набыт болгондорго дуба окуй өткүлө…» деген макаласында.

Эмне үчүн түрмөнү басып алышты? Бул жерде түрмө адам чыдагыс кыйноолорду жасай турган жай. Ваххабизмге тиешеси бар деп сарыооз баланы түрмөгө алып барып тыгып салса үйүндө калган ата-энеси ал жерге барбаганда кайда барат? Баарын исламчы дей турган болсо Өзбекстандын жаалы катуу режимин жактырбаган калктын баары, а булар 20 миллион эл - түгөлү менен исламчы, дейт ташкендик жаран.

Анжияндагы козголоңду бас-бас кылып Ташкенге баргандан кийин президент И.Каримов Кыргызстандагы март ыңкылабын уруулук уруш катары сыпаттады, деп маалымдайт шейшембидеги «Кыргыз туусу» гезити. Өзбекстандын авторитардык бийлиги адаттагыдай маалымат булактарын бууганга ашкере «мыкты» эмеспи. Ошондуктан аликүнчө каза болгондор менен жарадарлар тууралуу так айтыла элек.

Ушул эле гезитте профессор Салижан Жигитовдун «Акаев байыганда качып кетет дегенге ишенчү эмесмин» деген аталышта маеги жарыяланды. «Эринен айрылган көмгөнчө ыйлайт, Элинен айрылган өлгөнчө ыйлайт» демекчи А.Акаев ушу тапта чет жерде жүрү.

«Ал мезгилдин модасын ээрчип, өзүн демократ деп жарыялап жиберди. Сырттан кредиттерди, гранттарды байма-бай алып, республика эл аралык финансылык уюмдардын диктатында калганда артка кайтканга же ачык маневр жасаганга мүмкүн болбой калды. Анын үстүнө диктатор деген жаман атка конгондон көрө демократтын маскасын тагынып кредит, гранттарды алып, аларды каалагандай жумшап, баюунун алда канча пайдалуу экендигин да түшүндү. Анын демократтыгынын, эки жүздүү саясатынын негизги сыры, себеби ушунда», дейт С.Жигитов.

24-мартта Кыргызстанда болуп өткөн окуя кыргыз мамлекеттүүлүгү баралына келе электигин, коомдун ичара байланышы борпоң, бийлик болсо ичип-жемейге белчесинен батып, өлкө тагдыры калтыс абалга келип калганын «Эркинтоо» гезитинин кереге кеңеш жыйынына катышкандар ырасташты. Ортодо айтылган пикирлер топтому басылманын 17-майдагы санында жарыяланган.

К.Бакиев менен Ф.Кулов кол койгон келишимдин текстин шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити жарыялады. Ага ылайык К.Бакиев шайлоодо жеңип чыгып президент болуп калса Ф.Куловду үч күндөн кечиктирбей өкмөт башчылыкка сунуш кылат. Президент тышкы саясат, күч бийлигине жетекчиликти өзүнө алып, өкмөт курамын түзүү, жергиликтүү бийлик, ведомстуктардын жетекчилерин кызматка дайындоо, кызматтан алуу жоопкерчилиги премьер-министрге жүктөлөт.
XS
SM
MD
LG