Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:17

КАЧКЫНДАР МАСЕЛЕСИНДЕ ӨКМӨТ МЕНЕН БЕЙӨКМӨТ УЮМДАРДЫН ПИКИРИ АР БАШКА


Өзбекстандын Анжиян шаарындагы кандуу окуялардан кийин жүздөгөн өзбек атуулдары Кыргызстанга качып өткөнү белгилүү. Алардын андан аркы тагдыры боюнча Кыргыз өкмөтү менен адам укугун коргоочу уюмдар ортосунда бир жактуу пикир жок.

Кыргызстандын расмий бийлик органдары өзбек атуулдарына качкын статусу жана кыргыз атуулдугу берилбей тургандыгын так кесе болбосо да кыйыр түрдө билдирүүдө. Бул бир жагынан Ташкен менен мамилени бузуп албоо ниетин көздөсө, экинчи жагынан коңшу мамлекеттеги кысымдан улам качкындар саны кескин көбөйүп кетиши ыктымалдыгынан айтылууда.

Коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов Жогорку Кеңештеги сөзүндө өзбек качкындарына кыргыз атуулдугун берүү маселеси күн тартибинде жок экендигин билдирип, кыргыз-өзбек чек арасындагы абалды турукташтыруу боюнча расмий Ташкен менен биргеликте иш жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеген:

- Мен айтсам, 14майдан бери өзбек тарабы менен кызматташуунун негиздери боюнча тынымсыз сүйлөшүп, кеңешип жатабыз.

Анын айтымында, өзбек тарап өз атуулдарын жакынкы күндөрдө алып чыгып кетээрин билдирүүдө.

Бирок Кыргызстандагы адам укугун коргоочу бир катар уюмдар өзбек качкындарын мекенине күч менен кайтарууга каршы чыгууда. Президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун Каримовдун тоталитардык режиминен качкан атуулдарды кайра анын колуна салып берүүгө каршы экенин билдирди.

Ал эми “Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов качкындар маселеси эл аралык укукка ылайык чечилиш керектигин жана кыргыз өкмөтү качкындарды Каримовдун режимине өткөрүп берсе, аларды кыйноо, өлүм жазасы күтүп турганын билиш керек деген пикирин билдирди:

- Кимиси өз ыктыяры менен кайтып кетебиз десе-биз аларды кое беришибиз керек. Ал эми калабыз дегендерди калтыруубуз керек.

“Акыйкат жана прогресс” партиясынын лидерлеринин бири Ишенбай Абдуразаков качкындар тагдыры тууралуу мындай пикирин билдирди:

- Алардын тоталитардык бийликтин курмандыгы болуп кетпеши үчүн бардык чараларды көрүшүбүз керек. Ошол эле кезде коңшу өлкөнүн өкмөтү ошол элдин баарын экстремисттер деген доомат коюп жатпайбы. Андайлар да болушу ыктымал. Бирок бул маселе ал өлкөдөгү саясий, социалдык, экономикалык абалдан келип чыкканы, атуулдардын ошол жердеги репрессивдик режимдин курмандыгы болуп жаткандыгы да шексиз.

Кыргыз өкмөтү мындай шартта өзбек өкмөтү менен кызматташууда эл аралык укуктун негизинде иш жүргүзүп, мына ошол позицияда турганы туура болот, деп белгиледи Абдуразаков.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Алишер Абдымомунов өзбек качкындарын өз ыктыярларына койбой Өзбекстанга өткөрүп берүү Кыргызстандын кадыр-баркына терс таасир тийгизээрин билдирип, буларга токтолду:

- Эгерде алар тигил жакта куугунтукталган болсо, алардын укуктары бузулуп аткан болсо-биз эл аралык мыйзамдардын негизинде чечим кабыл алуубуз керек.

“Азаттыктын” Жалалабад облусундагы кабарчысынын маалыматы боюнча, Сузак районунун аймагындагы 540 өзбек атуулдарынын ичинен аялдар Анжиянга кайра кетүүгө ниеттенип турса, эркектери качкын статусун алууга аракеттенишээрин билдиришүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG