Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:15

Анжияндагы кандуу капсалаңда канча киши набыт кеткени аликүнчө белгисиз. Расмий бийликтин ырасташынча, кагылыштан 170 жакын адам курман болгон. Көз карандысыз байкоочулардын болжолдуу маалыматына караганда, баш-аягы 750 чукул киши окко учкан. И.Каримов режиминин өз калкына карата жасаган алдагыдай катаал чарасы айрым өлкөлөрдө сынга алынган жок, ортодогу тирешти тынч жол менен чечүү чакырыгы айтылды.

Анжиян капсалаңына карата Өзбекстанга алыс-жуук өлкөлөрдүн салкын-суз мамилесинин чоо-жайы ислам факторуна, Фергана өрөөнүндө халифат куруу идеясына барып такалат. Расмий Ташкен кандуу калабадан 169 адам курман болгондугун ырастап, алардын арасында бир да жөнжай адам жок экендигин билдирди.

Башка маалымат булактарынын такталбаган кабарына караганда, эки күндүк кагылыш учурунда 750гө жакын адам окко учкан. Азырынча, Анжиян менен Пахтабадда канча киши мерт кеткени, капсалаңдын чыгышына кандай жагдайлар түрткү бергени тактала элек.

Болор иш болуп боесу кангандан кийин Анжияндагы окуялар ушу тапта аркыл өңүттөн аңдалууда. Батыштын биртоп өлкөлөрү чаарбаш исламчыл күчтөргө каршы турган азыркы өзбек бийлигин жумшак эскертип, жаңжалды күч колдонбой чечүү туура болорун айтуу менен чектелишти. Антиштин чоо-жайын белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков мындайча түшүндүрөт:

- Коалициянын мүчөлөрүнүн экстремизм, терроризм, сепаратизм, кийинкисине Кытай да кошулуп атат, мына ушул коркунучка каршы баарыбыз биригип күрөшүүбүз керек тезиси бар. Эми бул өзү туура тезис. Бирок кептин баары башкада болуп атпайбы.

Калк жаалынан чочулаган өзбек өкмөтү өз элине аеосуз уруш жарыялады, дейт И.Абдуразаков.

- Ушундай иш кылып атыптыр деп бир төрт-беш кишинин айынан жүздөгөн, миңдеген адамды кырып салыш деген бул күнөө. Мунy өзүнүн элине каршы жарыяланган согуш деп айтса болот.

«Легендарлуу парламенттин» депутаты Бегиш Ааматов Анжияндан башталган Өзбекстандагы калк нааразылыгы акыры бир күнү жарылып чыкмак эле деген пикирде. Эгемендикке чыккандан бери Өзбекстан коңшулары менен карым-катышты үзүп, өз аймагын тор зым менен тосуп, көп жерине мина коюп, калкын «капастын» ичинде кармоо аракетин жасап келет:

- Элдин баарына тегеретесинен минаны коюп, ички саясатында элге аябай эле кысым көргөзүп, экономикалык реформаларды жүргүзбөй, демократиялык реформаларды жүргүзбөй, элди кыса берсе, эл жасай турган ишинен ажыраса, эл анан каякка барат? Акыры бир жеринен жарып чыгыш керек да. Бөтөлкөнү ичтен жарып чыгат да. Мына ушундай шартта И.Каримовдун же башка жетекчилердин сөзүн Европада туруп алып уга бериш болбойт.-

Ушул эле ойду улантып саясат таануучу Айдарбек Көчкүнов нааразылыктын чыгышына оор экономикалык абалды, аны шарттаган себеп катары бул жерде жашаган калктардын кылымдардан бери калыптанып калган карым-катышынын үзүлүшүн көрсөтөт:

- Социалдык абалдын оордугу, кылымдардан бери калыптанып калган алака-катыштардын, мамилелердин ортосуна чек араларды орнотуп, тор зымдарды тартып, адамдарды бири-бирине өткөрбөй, соода-сатык системасынын бузулушу жана башка көптөгөн себептер ушундай көрүнүштөргө алып келди.

Өзбекстандагы окуялар постсоветтик Борбор Азия өлкөлөрүнө келген элдик ыңкылаптын улантылышы. Эгемендикке жетишкен өлкөлөрдүн дээрлик баарында азыноолок өзгөрүлгөн коммунисттик бийлик сакталып, «түшпөс хандар» режими орногон болчу.

Кебелгистей бекем турган системанын «бош чынжыры» Кыргызстанда «чарт» үзүлгөнүн көргөн байкоочулардын көбү кийинки кезек Өзбекстанга өтүшү ыктымал экенин айта башташкан. Бирок да калк кыймылы өкмөттүн Анжияндагыдай жаалдуу каршылыгына учурашын эч ким элестетпесе деле керек.

Сүрөттө: Анжиан козголоңдон кийин
XS
SM
MD
LG