Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

АНЖИЯН КОЗГОЛОҢУНУН КАТЫШУУЧУЛАРЫ ЭМНЕ ДЕЙТ?


Учурда Жалалабат облусунун аймагында турган Өзбекстандык качкындар 12-13-майда Анжиянда жашоо турмуштун өтө начардыгы жана өз укуктарын коргоо, ишкерликти өнүктүрүү үчүн бийлик жетекчилери менен бетмаңдай сүйлөшүү, бышып жетилген маселелерди чогуу талкуулоо үчүн тынч митингге чыккандыгын билдиришти. Алар облус борборунда турган көп миңдеген адамдарга эскертүүсүз эле ок жаадырылып, нечендеген адамдар өлгөндө митингчилердин бир тобу Кыргызстанды көздөй качкандыгын айтышууда.

Анжияндыктардын айтымында, митингдин чыгышына Өзбекстандагы турмуштун өтө оордугу менен ишкерлерге жасалган өкүмзордук жана ишкер 23 адамды диний экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү деген айыптоо менен башталган сот ишинин узакка созулуусу себепкер болгон:

- Ишкерлердин ишканаларын жаап салышты. Анжияндыктар нан бышырып, ошо ишканалар эсебинен жан багышчу - деди анжияндык Бабур Мамаюсупов.

Алижан Эгамовдун эскерүүсүндө Анжияндын көчөлөрүндө жүрүүгө мүмкүндүк берилбей, жөө аскерлердин күжүрмөн машинасы эскертүүсүз ок чыгарган:

- Көчөдө адамды жүргүзбөй аткан. Биз кечки саат алтыда бул жакка жөө-жалаң качтык. Бизде курал жок, аялдар, балдар эркектер болчубуз. Чек арадагы текшерүү пунктуна келсек, БТР жана көп автоматчан туруптур. Артка кайтып, буктурмага туш болдук, ал жерде 10-15 адам өлдү. Текшерүү пунктунан жергиликтүү аялдар сүйлөшүп өткөрүштү.

Аты-жөнүн атоону каалабаган атуулдун эскерүүсү боюнча өз укуктарын коргоого миңдеген эл менен кошо чыккан аял- балдар да эскертүүсүз атылган мөндүрдөй октун алдында калышкан:

- Ишкер 23 адамды террорист деп камаганы үчүн эл бийликтегилер менен сүйлөшкөнү тынч митингге барышты. Эки аптада бүтөөр сот үч айга созулду. Тынч митигчилердин адегенде буттарына, качпагандардын өзүнө атышты. Аялдар менен балдарды да атканына чыдабаган кишилер жол тосуп, куралдарын тартып алышып, анан облустук бийликти ээлешти. Саат-4-5терде көп стволдуу БТР машиналары жана автоматчандар ок жаадырып өткөндө 10-15 адам сулап жатты.

Атабаева Гүлназа Өзбекстанда турмуштун оордугун айтты:

- Газ, жарык акысы кымбат. Пенсияга кошумча болсо дегенбиз. Менин күйөөм Орусияда, өзүм оорулуумун, балама жөлөк пул бергиле десем, бере алышпады.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG