Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

АНЖИЯН ОКУЯЛАРЫН ИЛИКТӨӨ ҮЧҮН ЭЛ АРАЛЫК КОМИССИЯ ТҮЗҮЛҮШҮ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага Өзбек оппозициясы жана кээ бир эл аралык уюмдар дагы Анжиян окуяларын көз карандысыз эл аралык комиссия териштириш керек деген талаптарды кое баштады. Анткен менен андай ишке эл аралык коомчулук киришкенде дагы, өзбек өкмөтүнө Батыш канчалык басым кылууга даяр экени али белгисиз.

18-май күнү журналисттер үчүн Анжиянга атайын экскурсия уюштурулганы - өзбек жетекчилиги коомдук пикирди толугу менен четке кагып сала элек экенин көрсөтөт, анткен менен Анжиян окуялары тууралуу өкмөт жана көз карандысыз уюмдар тараткан маалыматтар өтө эле айырмаланат. Анжиянга алып келинген журналисттер болсо милициянын катуу көзөмөлү алдында жүрдү, алар өкмөт уруксат берген жерлерге гана бара алды жана эки сааттан кийин кайрадан уюштурулган түрдө Ташкенге алып кетилди.

Журналисттер менен болгон жолугушуулар учурунда Анжиянда 13-майда болгон окуя эл аралык эсперттердин катышуусу менен иликтенмейинче, чындык ачыкка чыкпай турганы көп айтылды жана андай пикир менен батыш эксперттери дагы макул. Британиялык укукчу Соня Скитстин айтымында, маселеге Бириккен Улуттар өзү киришип, иликтөө ишине уюмдун Адам укуктары боюнча комиссиясынын эксперттери катышса жакшы болор эле:

- Бириккен улуттар уюму өз кызматкерлерин жөн жерлерге же орчундуу себепсиз жибере бербейт. Жана, албетте, иш канчалык жогору деңгээлде болсо, ошончолук жакшы. Маселе Бириккен Улуттардын Жалпы ассамблеясында каралса да болор эле. Башка эл аралык уюмдарды да кошсо жакшы. Бириккен Улуттардын Адам укуктары боюнча комиссиясынын эксперттерин да чакырса болот, мүмкүн, аларды комиссиянын төраймы Луиз Арбур да жетектөөгө макулдугун берет. Алар атайын кызмат ордун ачып, бул окуя боюнча атайын өкүл да дайындап, аны Өзбекстанга жибериши мүмкүн.

Бирок эл аралык эксперттер же укук коргоо уюмдарынын демилгесин Батыш өлкөлөрүнүн өкмөттөрү колдоого албаса, толук ийгиликке жетүү кыйын. Эл аралык террорчулукка каршы 2001-жылы башталган согуштан кийин АКШ Өзбекстанда аскерий база ачкан жана эки өлкө ортосундагы бул багыттагы кызматташуу күчөгөндө, өлкөдөгү адам укуктарынын кеңири бузулушуна Вашингтон көз жумуп жатат деген пикирлер укук коргоо уюмдары тарабынан айтыла баштаган. Анжиян окуяларынынан кийин дагы Вашингтон алгач ага аяр мамиле кылган, бирок кийин, 16-майда АКШ Мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Ричард Баучер өзбек өкмөтүн сынга алды:

- Өткөн жума күнү өзбек аскерлери элге каршы ок атканына биз катуу кабатырлануудабыз. Эл арасында ким бар экени талданбай күч колдонулганын биз жактырбайбыз жана курман болгондордун туугандарына көңүл айтабыз

Вашингтонго сапар менен келген Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро болсо эл аралык иликтөө болмоюнча, чындыкка жетүү кыйын экенин ачык айтты:

- Мен көз карандысыз эл аралык тергөө өткөрүүнү сунуш кылам. Чындыгында эмне болгонун, адамдар эмне себептен өлгөнүн, ага ким жооптуу экенин табыш керек. Ал үчүн тийиштүү эл аралык уюмдардын катышуусу менен ишенимдүү жана ачык иликтөө өткөрүлүүгө тийиш.

Анткен менен эл аралык комиссия түзүлгөндө дагы, өзбек өкмөтү аны менен канчалык деңгээлде кызматташа турганы, канчалык ачык болоору жана иликтөөнүн аягына чыгуу үчүн Батыш канчалык басым жасоого даяр экени азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG