Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Кулов: Бакиев шайлоодо жеңет


БИШКЕК. Кыргызстандагы президенттик шайлоонун тагдыры чечилип калды. Москвадан келген саясат адистеринин пикиринде Курманбек Бакиев 10-июлдагы шайлоодо шайлоочулардын 65-72% добушун алат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов 20-майда билдирди. Саясат адистери Москвадан менин чакыруум менен келишкен жана алар бизге туура чечим кабыл алууга жардам берүүдө, деп белгиледи Феликс Кулов. Биздин негизги максат шайлоону акыйкат өткөрүү, бурмалоолорго жол бербөө. Курманбек Бакиев шайлоодо 100 пайыз жеңет. Аны ашырып 120 пайызга жеткирүүнүн кажети жок. Эгерде шайлоону бурмалоого жол берсек, анда эл аралык коомчулуктун ишениминен ажырап калабыз, деп билдирди Феликс Кулов.

XS
SM
MD
LG