Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

“МЕНИН ӨЛКӨМ” БАКИЕВ-КУЛОВ БИРИМДИГИН КОЛДОЙТ


21-майда «Менин өлкөм» партиясы өзүнүн кезектеги V курултайын өткөрдү. Анда партиянын мүчөлөрү март окуяларына байланыштуу өз пикирлерин айтышып, партиянын мындан аркыиш-багыттарын талкуулашты.

Курултайдын күн тартибиндеги эң негизги маселелердин бири - президенттик шайлоого карата партиянын позициясы болду.

«Менин өлкөм» партиясынын лидери Жоомарт Оторбаев президенттикке талапкерликке партиядан эч ким көрсөтүлбөгөнүн белгилеп, алдыдагы шайлоодо эки саясатчыны колдой турганын айтты:

- Бүгүнкү курултайда карала турган өтө маанилүү суроолордун бири - бул президенттике талапкерлерди колдоо маселеси. Бул биздин партия үчүн гана эмес, бүт кыргыз эли үчүн да өтө маанилүү. Көптөгөн кеңештерден улам биз эки саясатчыны колдойбуз - бул саясий дуэт Кулов –Бакиев. Эмне үчүн ушул эки саясатчы деген суроо туулат. Анткени алар акыркы окуяларда өздөрүнүн жогорку саясий жоопкерчилигин көрсөтүштү. Ошондой эле Кулов менен Бакиевди эл урматтайт жана колдойт.

Жыйында партиянын кординациялык кеңешинин иши канааттандырарлык деп бааланды. Ал эми партиянын мүчөсү Абылабек Асанканов партиянын лидери Жоомарт Отрбаевдин дарегине сын пикирлерин айтты:

- 24-мартка чейин биздин партия көмүскөдө болуп келген. Ал эми 24-марттан кийин, өкмөт отставкага кеткенден соң партиянын лидери Жоомарт Оторбаев элге бир нече маанилүү билдирүү, кайрылууларды жасады. Эмне үчүн ушундай кайрылууну буга чейин, 24-мартка чейин жасаган эмес. Менин оюмча, мамлекеттик кызматта иштеген адам партиянын лидери болбошу керек,партиянын лидерлигинен кетиши керек.

Партиянын Нарын облусундагы уюмунун жетекчиси Токтосун Атанаев айрым аймактарда партия тууралуу маалымат жок экендигин баса белгиледи:

- Азыр партиянын материалдары негизинен орус тилинде чыгып жатат. Мисалы, Нарында элдин 90 пайызы кыргыздар. Анан алар которуп бергиле деп айтышат. Ушул маселеге көңүл бурсак.

Курултайдын соңунда партиянын лидери шайланып, көпчүлүк добуш менен Жоомарт Оторбаев кайрадан партиянын лидери болуп калды.

1998-жылдан тарта иш жүргүзүп жаткан бул партияда учурда 8 миңдей мүчөсү бар.

XS
SM
MD
LG