Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:16

Анжияндагы толкундоодон кийин өзбек атуулдарынын Кыргызстанга качып келгенине 10 күн болду. Бирок алардын мекенине кайтарылаары же качкын макамы берилээри азырынча белгисиз. Алардын мындан аркы тагдыры кандай болот? Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов кабарчыбыздын ушул маселеге байланыштуу суроолоруна жооп берди.

- Мирослав мырза, Өзбекстандын Анжиян облусунан адамдардын Кыргызстанга качып келгендигине 10 күн болду. Ушуга байланыштуу чек ара аймактарында абал опурталдуу болуп турат окшойт. Сиздер абалды кандай баалап жатасыздар?

- Бүгүнкү күнү кырдаал турукташып калды. Анткени, өзбек тарап Анжиян менен Оштун ортосунда, Ош менен Жалалабаддын аралыгындагы чек арада улам жаңы текшерип өткөрүү пункттарын ачып жатат. Алар эки элдин ортосундагы жакшылык мамиленин негизинде кошумча дагы текшерип өткөрүү пункттарын ачалы деген сунуш киргизип жатышат.

- Бирок Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги бир эмес эки жолу нота жиберип, анда Кыргызстан чек арасын бекемдебей террористтер менен ислам экстремисттерин өз аймагына киргизип алды деген кине койду. Ага кыргыз өкмөтүнүн берген жообу кандай болду?

-Биз өз жообубузда тууганча мамилебиз бар, анын негизинде сүйлөшүүгө даярбыз деп айттык. Өзбекстандын Тышкы иштер министринин орун басары, укук коргоо органдарынын расмий адамдары келип, азыр Кыргызстанда турган өзбек жарандарынын акыбалын өз көздөрү менен көрүүсүнө биз каршы эмеспиз. Алар келип өз атуулдары менен сүйлөшөбүз дешсе сүйлөшсүн, алардын мүмкүнчүлүктөрү кандай экенин көрүшсүн. Ага биз шартты толугу менен түзүп беребиз. Сүйлөшүүлөр БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссарынын башкармалыгынын өкүлдөрүнүн жана кыргыз өкмөтүнүн катышуусу менен болсун деп жатабыз. Анткени, Кыргызстан «Качкындар боюнча эл аралык конвенцияга» кошулуп, аны ратификациялаган. Анын талаптарына ылайык Кыргызстандын эл аралык уюмдардын алдында алган милдеттенмеси бар. Ошондой эле Өзбекстан менен тууганча мамилебиз бар. Ошон үчүн өзбек тарап, Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү жана БУУнун Качкындар боюнча башкы башкармалыгы менен сүйлөшүү жүргүзүп, кандайдыр бир проблемалар болсо аларды сүйлөшүү жолу менен чогуу чечели деп сунуштап жатабыз.

- Кыргыз өкмөтүнүн мындай мамилесин АКШ баштаган эл аралык коомчулук колдой тургандыгын билдирген менен Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Кыргызстандын аймагына кирип кеткендердин арасында террористтер бар деп жатат. Буга негиз барбы, деги куралчандар табылдыбы?

-Биз ушундай маалыматтарды толугу менен текшеришибиз керек. Өзбекстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү келишсин дагы текшерүүнү бирге жүргүзүп, изилдейли деп жатабыз. Ошондо бир чындыкка келет элек. Балким, алардын арасында ошондой адамдар бардыр, бирок, аны такташ керек да. Тактабай туруп эле айткан болбойт. Ал эми бул жакка келген адамдардын арасында бирөөнүн дагы куралы жок.

- Кыргызстанга келген адамдардын 70-80ни кайра жөнөтүлдү деген маалымат пайда болду. Ошол чынбы?

-Жок, бул туура эмес маалымат. Булардын ичинен 36 адам Кыргызстандын атуулу экен. Алардын 8и жаш балдар, аялдар экен. Даректери такталып, 26сы Ош облусуна жиберилди. Анан 2 адам Жалалабаддын убактылуу абагында олтурушат. Эми биз алар Өзбекстанга кантип барып калгандыгын, эмне иш кылып жүргөндүгүн такташыбыз керек.

- Өзбекстандын прокурорунун кармалгандар менен өлгөндөрдүн арасында кыргыз атуулдары бар экен деген билдирүүсүнүн чындыгы канчалык?

-Андай болушу да мүмкүн. Мен аны так билбейт экем. Бирок жолугушуу болгондо ошол проблемаларды такташыбыз керек.

- Өзбек тараптан өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүү жүргүзүү сунушу болдубу?

-Мен андай сунуш болгондугун билбейт экем. Бирок биз бүгүн сырттан укпай, келип өз көзүнөр менен көрүп, байкаштырып көргүлө деген расмий түрдө сунуш киргиздик.

- Өлкөгө качып келген адамдарга качкын статусу берилеби же кайра кайтарылабы?

-Мыйзам боюнча бул маселе 3 айдын ичинде каралыш керек. Андан кийин 6 айга чейин текшерилет. Ушул 6 айдын ичинде биз аларга качкын деген макам беребизби же жокпу деген бир чечимге келишибиз керек. Бирок чечим бардыгы толугу менен текшерилип бүткөндөн кийин БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссарынын башкармалыгы, Өзбекстан жана Кыргызстандын ортосунда чогуу кеңешип туруп чечилет жана чара көрүлөт.

- Орусиянын маалымат каражаттары өзбек бийлиги Анжияндагы тополоңду баспаса Борбор Азияда ислам халифатынын бир борбору пайда болмок деген маалыматтарды таратып жатышат.Сиздин оюңузча ушуга негиз барбы?

- Балким, алардын маалыматы кененирээк болушу мүмкүн. Бирок бардыгын толук, терең тактабай туруп, мындай же тигиндей деп айтыш шашылыш,туура эмес жооп болот го деген ойдомун…

Маегиңиз үчүн рахмат!

Сүрөттө: Сузактагы качкындар турган жерден бир көрүнүш
XS
SM
MD
LG