Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:04

Бакиев гендер саясатын колдойт


БИШКЕК. 24-майда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев Кыргызстандагы аялдардын маселеси боюнча иш алып барган 32 уюмдун жетекчилери менен жолугушту. Анда аялдар маселеси боюнча президенттин алдындагы катчылыкты агенттикке же министрликке айландырып, парламентте гендер маселеси боюнча президенттин атайын өкүлү болсун деген сунуш айтылды. Андан тышкары аялдар маселеси боюнча Конституциялык кеңешмеге берилген 30 сунуштун бири да эске алынбай жаткандыгын белгиленип, парламентке кошумча шайлоо болсо аялдарды партиялык тизме менен шайлоо талап кылынды. Премьер-министр Курманбек Бакиев парламентте президенттин өкүлү болсун деген сунушту колдоорун билдирип, талапкерди көрсөтүүнү өтүндү. Премьер-министрдин баамында, аялдар маселеси боюнча атайын агенттик түзүү азырынча чечилбей турган маселе.

XS
SM
MD
LG