Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

Орусия Ошто өзүнүн антитеррордук борборун түзүүнү сунуштады


БИШКЕК. Ош шаарында Орусиянын антитеррордук борборун жайгаштыруу маселеси талкууланууда. Бул тууралуу Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Анвар Артыков 24-майда «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда билдирип, мындай сунуш Орусия өкмөтү тарабынан түшкөндүгүн кабарлады. Анын айтымына караганда, мындай сөз Орусиянын Мамлекеттик Думасынын делегациясынын өткөн жумадагы сапары учурунда болгон жана ал Өзбекстандагы акыркы окуяларга байланыштуу козголгон. Ал эми Коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов «Азаттык» радиосуна 23-майда берген интервьюсунда андай маалыматты төмөнкүчө четке каккан эле:

- Мен биринчи жолу силерден угуп жатам. Бирок аны изилдеш керек. Анын кереги барбы жеп жокпу, коркунуч барбы же жокпу деп изилдеш керек.

XS
SM
MD
LG