Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:55

ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН ДАГЫ ТӨРТӨӨСҮ ТИЛ СЫНАГЫНАН ӨТҮШТҮ


28-майда президентикке 4 талапкер: Кеңешбек Дүйшөбаев, Жусупбек Шарипов, Гайша Ибрагимова, Дамира Өмүркулова мамлекеттик тил сынагынан өтүштү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымдашынча, 25-майга чейин президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөн 22 адамдын бешөө андан кийинки ат салышуудан баш тартышкан. Ф.Кулов менен А.Атамбаевден талапкерлигин алып салуу тууралуу арыз келип түшө элек. Мамлекеттик тил сынагынан жалпысынан 8 талапкер өтүштү.

Мамлекеттик тил сынагы президенттикке талапкерлерди иргөөнүн ыңтайлуу жолу экенин буга чейинки шайлоо тажрыйбасы көрсөтүп келбедиби. Жооптуу кызматка талпынгандардын кыйласына мына ушул тил маселеси олуттуу тоскоол болуп келатканы деле чын. Анын үстүнө талапкерлердин мамлекеттик тилди канчалык деңгээлде билээрин Улуттук телеканалдын түз алып көрсөтүүсү аркылуу жалпы журт карап отурушат. Тил сынак талапкердин программасын жалпыга жарыя кылуунун абдан ыңгайлуу ыкмасы катары да кызмат өтөөдө.

Президенттикке талапкер, Кыргызстандын мурдагы ички иштер министри Кеңешбек Дүйшөбаев коомдо акыйкаттык орношу зарыл экендигине өзгөчө басым жасады. Акыйкаттын жоктугуна нааразы болгон калк мурунку бийликти кууп түшүргөнүн айтты:

- Тилекке каршы, акыйкатсыздык биздин коомдо, биздин мамлекетте да кийинки жылдары өкүм сүрүп келди. Элдик толкундоолор, нааразычылыктар биринчи кезекте экономикалык чөйрөдө, саясий чөйрөдө, социалдык чөйрөдө акыйкаттык жоктугунан элдик толкундоолор келип чыгып акыр-аягында мына, бийликтин алмашуусуна алып келди. Ошондуктан, биздин коомдо, мамлекетте келечекке умтулуп жакшы иш кыла турган болсок, биринчи кезекте акыйкаттыкты жашоо-турмушубуздун негизги закону кылып алмайынча, бул маселелерди чече албайбыз деген ойго келип, биз атайы элдик партияны түздүк.

К. Дүйшөбаев тартип коргоо органдарын сөзсүз реформалоо, айыл чарбасына колдоо, мамлекеттик башкаруу системасына олуттуу өзгөрүүлөр кириши зарыл деп эсептейт. Ушу тапта иштетилбей жаткан жерлерде коллективдүү чарбаларды түзүп, колунда жокторго жалпылап колдоо көрсөтүү керек, деген ойдо.

Жалалабад облусунун мурдагы жетекчиси, ушу тапта президенттикке талапкер катары чыгып аткан Жусупбек Шарипов мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүп, социалдык маселелерге өзгөчө көңүл буруу керектигине токтолду:

- Марттагы болгон элдик революция мамлекетибиздеги, мамлекетибиздин ичинде болгон көп кемчиликтердин өзөгүн ачып койду. Бүгүн бизге, Кыргызстанга, кыргыз элине тарых чоң мүмкүнчүлүктөрдү берип жатат.

Дагы бир талапкер Гайша Ибрагимова Кыргызстандын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү көп экенин айтты. Өзүнүн алыста калган балалыгын эскерип, Мекен кызыкчылыгы үчүн жалпы журт жабылып аракет кылса, сырттан инвестицияны арбын алып келсе гана ийгилик жараларын отургандардын эсине салды:

- Бала кезим Дудинка шаарында өткөн. Бир жолу мен атамдан сурадым: «Ата, ушундай кооз жер каякта? Биз аны кантип көрүп атабыз?» десем, атам мага айтты: “Кызым, ошол жер сенин түпкү Атамекениң. Сен чоңойгонуңда биз Кыргызстанга барып келебиз”.

Сырттан инвестиция тартуу маселесине Дамира Өмүркулова да өзгөчө басым жасады. Диний баалуулуктарды мамлекеттик саясатка алып кирип, мусулман өлкөлөр менен карым-катышты күчөтүү зарылдыгын белгилеп, иш ушул жагына оосо бай мусулман мамлекеттери үстөк пайызы жок карыз акча бере тургандыгын айтты:

- Ислам дини киргизилгенден кийин биздин мамлекетте үстөгү менен кредит берүү токтолот. Бардык мамлекеттик банктар үстөксүз кредит берүүгө мүмкүнчүлүк алат. Мусулмандар бири-бирине үстөккө акча бербейт. Бул Кудайдын алдында чоң күнөө.

Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы, профессор Токтосун Ашырбаевдин ырасташынча, талапкерлер кыргыз тилинде эркин сүйлөп, жаза алышат. Комиссия талапкерлердин баары кыргыз тилин билет деген чечим кабыл алышты.
Кезектеги тил сынагы кийинки аптанын аягында өтөт.

Биринчи сындан өткөндөрдүн алдында Кыргызстан боюнча 50 миңден кем эмес адамдын колун топтоп, шайлоо күрөөсүнө 100 миң сом акча ташташы керек. 14-июндан тарта шайлоо үгүтүнө жол ачылат.

XS
SM
MD
LG