Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:15

30-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Метеоролия борборунун билдирүүсү боюнча 30 майда Кыргызстанда күн бүркөлүп ачылып турат. Айрым жерлерде кыска мөөнөттө жамгыр жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12...+17, күндүз +24...+29 градус жылуу.
Талас облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +23...+28 градус. Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында абанын түнкү температурасы +13...+18 градус жылуу, ал эми күндүз +25...+30 градус ысык болот. Көл кылаасында түнкүсүн +6...+11, күндүз +19...+24 градус жылуу.
Тоолуу Нарын жергесинде түнкүсүн +5...+10, күндүз +20...+25 градус.
Бишкекте таңга маал жана күндүз бир аз жамгыр себелеп, батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Абанын температурасы түнкүсүн +15...+17, күндүз +26...+28 градус жылуу.

Жекшембилик кабарларды Чолпон Орозобекова жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG