Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:53

Жогорку сотко имараттын бошотулушун талап кылган 300дөй адам келди


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку соттун алдына 300дөй адам келип, Жогорку сотту 22- апрелден бери ээлеп турган шайлоочулардан соттун имаратын бошотууну талап кылышты. Жогорку соттун ишинин жандандырылышын талап кылган адамдар имаратты бошотпосо, күч менен чыгарышаарын төрт округдун шайлоочуларына үч күн мурда эскертишкен. 30- майда Жогорку сот алдында имаратты ээлеп тургандар менен аны бошотууну талап кылгандар ортосунда мушташ чыгып кете жаздады. Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновду жактагандардын арасында кылмыш иштери каралбай жатат дегендер, элге тынчтык керек дегендер, баскынчылыкты токтотобуз дегендер да бар. Алардын арасында жакындары түрмөдө жаткандар да бар. Алардын айтымында, пикетчилердин айынан абактагы бейкүнөө адамдардын иши каралбай жатат. Ал эми Жогорку сотту ээлеп турган пикетчилер бул адамдар өз атуулдук эрки менен келген жок, жалданып келгендер деген ойлорун билдиришти.

XS
SM
MD
LG