Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

Ливандагы парламенттик шайлоонун биринчи баскычында мурдагы премьер- министрдин уулу жеңишке жетишти


Шайлоонун расмий жыйынтыктарына караганда, өлкөнүн мурдагы премьер- министри, маркум Рафик Хариринин уулу Саад Харири баштаган талапкерлер жеңишке жетип, башкалаа Бейруттан баардык 19 орунду ээлеген. Бул Ливанда коңшу Сирия дээрлик отуз жылдан соң аскерлерин чыгарып кеткенден кийинки алгачкы шайлоо эле. Быйыл февраль айында Рафик Хариринин киши колдуу болушун көпчүлүк Сириядан көрүп, эл аралык коомчулук менен Ливан оппозициясынын нааразылыгы акыр аягында Дамаскты аскерлерин алып кетүүгө мажбурлаган. Ливандагы парламенттик шайлонун калган үч баскысы алдыдагы жекшембиде өтөт.

XS
SM
MD
LG