Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:56

ӨЗБЕК БОЗГУНДАРЫНЫН АРАСЫНДА ЖУГУШТУУ ИЛДЕТТЕРГЕ ЧАЛДЫККАНДАР ЖОКПУ?


Буга дейре “Жарандык коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюму Жалалабат облусунун Сузак районундагы Карадарыя айыл өкмөтүнүн аймагында турган өзбекстандык качкындар жугуштуу ооруларга кабылгандыгы жөнүндө маалымат тараткан эле. Сузак райондук санитардык эпидемия кызматы менен райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчилери жана өзбекстандык жарандар мындай маалыматты жокко чыгарышууда.

“Жарандык коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова өзбекстандык качкындар арасына жугуштуу оору бар экенин айрым адамдардын ал жерде ооруп жатканын аталган лагерде болгондон кийин мындайча билдирген эле:

- Он экиге жакын киши ошол жерде ичеги карын оорулары менен ооруган. Жугуштуу оору менен көп кишилер ооруп кетиши мүмкүн деп ошол жердеги ЮНИСЕФтин кызматкерлери бизге маалымат берип, аларды көрсөтүшкөн жана Сузак ооруканасында да үч киши бар деп айтышкан.

Мындай маалыматты качкындарга медициналык жардам көрсөткөн Сузак райондук саламаттык сактоо уюмдарынын башчылары ырастаган жок.

Райондук санитардык эпидемия станциясынын башкы дарыгери Мелис Жээнбаевдин айтымында качкындардын арасында курак учук, безгек, ичеги карын оорулары табылбады:

- Ичеги карын, безгек, кургак учук оорулары биринчи күндөрдөн катталган эмес. Эл аралык уюмдар тобу айтса айткандыр, бирок биз дайыма Карадарыя айыл өкмөтү менен байланышта болуп, таза сууну күнүнкүсүн күнүнө ташып келип берип атабыз. Алдын алуу боюнча кичине ооруп калгандарга толугу менен бактериафак, дизентерияфак деген дарыларды берип атабыз.

Райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Мамат Миянов качкындарга жетиштүү шарт түзүлүп, жугуштуу ооруну алдын алуу чарасы көрүлгөнүн билдирди:

- Биз азыр кепилдик бере алабыз, булар эч кандай жугуштуу оорулар менен орушпайт. Ал жерде медпункт, изолятор бар, такай “Тез жардам” турат. Азыр таза суу дайыма бар, андан эч кандай коркунуч жок. Чатырлардын түбү тактай менен төшөлүп, матрац, төшөнчүлөрү бар. Ооруп калгандарга жардам көрсөтүү биздин милдет. Кызыл чырымдан алынып келинген дарылар жетиштүү.

Биз кепке тарткан качкындар алгач келген 14-май күнү таза суу жоктугунан арыктагы ылайка сууну ичип, айрымдардын ичи ооруганын билдиришти:

- Бак-дарагы жок ачык жерде турабыз. Ошондуктан жеңил, башкача айтканда ич ооругандар бар,- деди ал жөнүндө качкындардын бири Тавакал Ходжиев.

Даги бир качкын Мухадил Мамаджанова анын сөзүн жокко чыгарды:

- Оорулар жок, дарыгерлер жакшы тейлеп жатышат.

Мындай пикирди анын тагдырлашы Мухабат Режапова да кубаттады:

- Качкындарга жугуштуу оору, кеселдер жайылды деген сөздөр таркап кетиптир. Эмнеге жалган айтышат. Эмнеге ушак-айынга ишенишет. Биз сак-саламат эле турганыбызды көрүп атасыз го. Ооруган адамдын жерде жатканын көрөт элеңиз. Ооба, биринчи күндөрү аба ылгады, арыктан суу ичкенде ич оорулар болду, азыр таза суу жетиштүү.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG