Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

INTERNEWSтун «УМТУЛУУ» СЫЙЛЫГЫНА «АЗАТТЫК» ДА ТАТЫДЫ


1-июнда Internews «Умтулуу» сыйлыгынын 2005-жылдагы жеңүүчүлөрүн аныктады. 24-марттагы ыңкылапты жана ага байланыштуу окуяларды профессионалдык деңгээлде, мыкты чагылдырганы үчүн телекомпаниялар арасында «Мезон TV», интернет барактар арасынан «АКИпресс» жана үналгылар ичинен «Азаттык» алдыңкылар деп табылып, жеңүүчү аталышты.

Internewsтун аткаруучу директору Эльвира Сариеванын айтымында «Умтулуу» сыйлыгы жыл сайын өз ишин мыкты жүргүзгөн массалык маалымат каражаттарына ыйгарылат. Бул ирет - март окуялары учурунда маалыматтарды калыс, тез жана ар тараптуу чагылдырган мыкты медиялар деп «Азаттык» үналгысы, «АКИпресс» агенттиги жана «Мезон» TV аталды.

«АКИпресстин» аткаруучу директору Алина Сагынбаева окурмандар гана эмес, теле, радио жана гезиттер дагы алгачкы маалыматты оперативдүү түрдө «АКИпресстен» алаарын бизге берген интервьюсунда мындай билдирди:

- Негизинен, маалымат агенттиги рынокто 2000-жылдан бери - 5 жылдан бери иштеп келатат. Биз буга чейин ар кандай сыйлыктарды алганбыз, бирок Интерньюстун сыйлыгын биринчи жолу алып жатабыз. Тилекке каршы азыр биздин кардарлардын саны 400 миңдин эле айланасында, бирок биз баардык массалык маалымат каражаттарына алгачкы маалымат булагы катары чоң кызмат кылабыз. Биздин ыйык эрежебиз – тактык, калыстык, обьективдүүлүк жана баарын камтуу.

Алина Сагынбаева ошол март ыңкылабына чейинки күндөрдө «АКИпресс» хакерлердин ар кандай чабуулуна кабылып, айрым учурда ачылбай калып да жатканын да белгилеп өттү.

Ал эми «Мезон ТВ» телекомпаниясы тарткан тасмаларды бийлик өкүлдөрү элге көрсөтүүгө каршы болушкан. «Мезон ТВнин» директору Жавлон Мирзахаджаевдин айтымында баары бир шибегени капка катууга мүмкүн болбогондой эле, болуп аткан саясий курч окуяларды элдин өзүнөн жашырууга мүмкүн эмес эле. Анын маалыматы боюнча ал өзү ыңкылапты чагылдырган кесиптештерин жеке автомашинасында ташып, тартылган плёнкаларды сактап калууга аракет кылган.

Ал эми «Азаттыкка» сыйлыкты Internewsтун аткаруучу директору Эльвира Сариева тапшырды.

- «Азаттыктын» жакшы белгиси бар – кайсы облуска барба – ал жерде «Азаттыктын» өз кабарчысы бар. Демек, бул деген – «Азаттыктын» колунда дайыма маалымат бар дегенди түшүндүрөт. «Азаттыктын» минтип бүгүн «Умтулуу» сыйлыгын алып жатканы маанилүү эмес, «Азаттыктын» өз угармандарынын болуп атканы маанилүү. Март окуялары маалында «Азаттыкты» элдин көбү угушту. Аны орто толкунда жаап койгондо катуу нааразылык чыккан. Биз «Азаттыктын» иштеп жатканына ыраазыбыз жана ийгилик каалайбыз.

Internewsтун аткаруучу директору Эльвира Сариева сыйлык буга чейин да эларалык журналистиканын калыстык, бейтараптуулук, оперативдүүлүк сыяктуу талаптарын аткаруу менен өз милдетин аткарып келген массалык маалымат каражаттарына берилип келгенин, мындан ары дагы бул сыйлык ошондой иштеген журналисттерге тапшырыла берээрин белгиледи.

Сүрөттө: INTERNEWSтун аткаруучу директору Эльвира Сариева
XS
SM
MD
LG