Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:53

Мурдагы парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев Бакиев-Кулов кол койгон өз ара келишим Конституцияга кайчы келерин билдирди. 1-июнда журналисттер үчүн өткөргөн маалымат жыйынында экс-төрага Кыргызстанга парламенттик башкаруу ылайыксыздыгын, президент жоопкерчилигин күчөтүп, бийлик тең салмактуулугун сактоо маанилүү экенин айтты. Учурдагы өкмөт конкрет иштерге караганда өзүн жакшы көрсөтүү аракетине көбүрөөк көңүл буруп жатат, деп маалымдады А.Эркебаев.

Абдыганы Эркебаев бир жарым айга жакын убактан бери иштебей турган Жогорку сот Кыргызстанда бийликтин мажирөөлүгүн көрсөткөн осол окуя болуп жатканын билдирип, бул соттордун саясатка аралашуусунун натыйжасы экенин айтты. Анткен менен экс-төраганын ырасташынча, конституциялык реформаны өткөрүү демилгесин өлкөнүн башсотунун төрайымы көтөрүп чыгышы жагдай-шарттан улам жаралган зарылдык. Конституцияга кезектеги өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн башында өкмөт жетекчиси, президент милдетин аткаруучу турушу керек эле:

- Муну жөнөкөй акыл-эс деле талап кылат. Башында ал муну каалаган да жок. Сүйлөгөн сөздөрүн эстеңиз. Демилгени Жогорку Кеңеш алып кетти. Ага ырахмат.

Экс-төраганын ырасташынча, 1993-жылкы Конституцияны өзгөртүү демилгесинин анабашында Феликс Кулов турган:

- 1994-жылы мына Кыргызстандагы биринчи конституциялык реформа деген ат менен жаңы эле кабыл алынган Конституцияны бузуу боюнча иштердин башында тургандардын бири Феликс Кулов болчу. Ал анда Кыргызстанда кош палаталуу парламент жасайбыз дечү. А кезде Ф.Кулов Чүй облусунун губернатору болчу.

Абдыган Эркебаев мындан сырткары Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун эмитен эле бийликти бөлүштүрүп, ортодо түзүшкөн өз ара келишими Конституцияга кайчы келет деген пикирин мындайча кошумчалады:

- Ошол сунушун алар Конституциянын долбооруна да кошуп атышат. Эки киши үчүн биз Конституция жасабашыбыз керек, кандай дейсиздер? Анда кийин келген киши дагы өзгөртөт. Өзүбүздү эле ойлобой, келечекти, өлкөнү ойлогон киши антпеш керек эле. Менин оюм ал жагынан так. Конституцияга ошол норманын кириши да туура эмес болот. Өкмөт деген өкмөт. Президент деген президент. Ал беш жылга эл тарабынан шайланат. Эгер өкмөт ишин жакшы аткарбай, жалаң саясий оюндар менен отуруп алса, жооп бериши керек да.

Экс-төрага жаңы өкмөт элге жакшы көрүнүштүн гана амалын жасап, практикалык иш четте калганын айтып, ушу тапта бийликтин бары-жогу билинбей калганын белгиледи. Мындай шартта жаңыланчу Конституцияга парламенттик башкарууну киргизүү идеясы туура эмес:

- Чыгыш, Борбор Азия, Кыргызстан үчүн парламенттик республика жарашпаган иш. Анын бир нече негиздери бар. Чыгыш бир адамга баш ийүүгө көнгөн.


Парламенттик республика идеясын жактаган экс-депутат Бегиш Ааматов алдагыдай кескин бүтүмгө макул эмес:

- Бизде феодалдык, кландык, коррупциянын жана авторитаризмдин бийлиги болот экен президенттик башкаруу. Мына көрдүк. Ал эми биз коомду саясий-экономикалык жагынан активдештирбейт экенбиз, анда коррупцияны эч качан жеңе албайбыз. Демократия да кирбейт. Ал үчүн, коомду активдештириш үчүн саясий партияларга бийликти бериш керек. А саясий партиялар парламентте көпчүлүктү түзсүн, күрөшсүн! Ошолор өкмөт түзсүн, ошолор отставкага кетсин. Мына, Италияда өкмөт жарым жылда отставкага кете берип жүрүп мына эми кара, Италия кандай өнүгүп аткан өлкө. Королдордун, президенттердин баарын Европада дачага алып барып коюшкан.

Кыргызстан башкаруунун кандай жолуна өтөрү ушу тапта чоң талашка түшүүдө. Конституцияга киргизилчү өзгөрүүлөр президенттик шайлоодон кийин калк таразасына коюлат окшоп калды.
XS
SM
MD
LG