Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:16

Түркмөнстанда дагы бир чиновниктин иши иликтенүүдө


Өкмөттүн мурдагы вице-премьер-министри, мунай жана газ тармагы үчүн жооп берген Йоллы Гурбанмурадов мындан 10 күн мурун кызматынан алынган. Ага мамлекттик казынадан миллиондогон доллар чөнтөгүнө салып алган деген күнөө тагылууда. Өлкөнүн Баш прокурору Бибижан Атажанова бул иш жөнүндө буларды айтты:

- Гурбанмурадов жоопту мамлекеттик кызматты ээлеп турган кезинде бийлигинен пайдаланып, чет өлкөлүк компаниялар, “Эрко” ишканасы жана бир катар паракорлордун жардамы менен мыйзамсыз иштерге жол берген. Ал мамлекеттик акча каражатты жеке максатарына пайдаланган. Гурбанмурадовко каршы кылмыш ишин ачтык.

XS
SM
MD
LG