Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

КАНДАГАРДА МЕЧИТТЕ ЖАРДЫРУУ ЖАСАЛДЫ


Шаршембиде Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар шаарында мечитте болгон жарылуудан кеминде 17 адам каза таап, 30дан ашууну жаракат алды. Жардыруу жанкечти тарабынан ишке ашырылган. Өлгөндөрдүн арасында Кабул шаарынын коопсуздук кызматынын башчысы да бар. Президент Хамид Карзай жардырууну айыптап, аны жасагандарды Ооганстандын жана Исламдын душмандары деп атады.

Жарылуу өткөн жекшембиде атып кетишкен таанымал динаятчыны акыркы сапарга узатуу үчүн Кандагардагы чоң мечитте адамдар топтолуп турган кезде болду. Ооган президенти Хамид Карзайдын саясатын кызуу колдоп келген дин ишмер, Кандагардын Уламалар кеңешинин төрагасы Маулави Абдулла Фаяздын өлүмү үчүн талиб согушкерлери шектелүүдө. Аны акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн чагылдыруу үчүн Кандагардагы мечитке "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы Рештим Кадири да барган эле. Жарылуу болгондон бир аздан соң эле ал бизге минтип маалымдады:

- Мен мечиттин кире беришинен көп алыс эмес жерде турам. Баары канга чыланып, адамдардын сөөктөрү жатат. Көрүнгөн нерселер үрөй учурат.

Кабарчыбыздын күбөлөргө шилтеме берип билдиргенине караганда, жардырууну жасаган жанкечти ириде бутага Кабул шаарынын коопсуздук кызматынын ошол акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө келген жаңы башчысы, генерал Акрам Хакризавалды алгандай:

- Күбөлөрдүн ырастоосунда командир Акрам Хакризавал мечиттин оозундагы бөлмөгө өз жансакчылары менен бирге жаңы эле кирип жаткан. Жанкечти анын жансакчысындай болуп кийинип алып, Хакризавал менен бирге кирген. Хакризавал бут кийимин чечип жаткан кезде ошол адам ага жабышып, өзүн жардырып жиберген.

Генерал Хакризавал теги боюнча кандагарлык эле, соңку эки жылдан бери Мазари –Шариф шаарынын коопсуздук кызматынын башчылык кызматында иштеп, Кабулга жумушка эки ай мурда которулган.

Ооган ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Латфулла Машалдын айтымында, жардыруудан генералды кошкондо 17 адам каза таап, дагы 36сы жаракат алган. Ал эми Кандагардагы ооруканын башчысы Насир Ахмед Ниязинин билдиргенине караганда, шаршемби түштөн кийинкиге карата аларга кеминде 20 адамдын сөөгү түшкөн. Мурдарак жарылуу болгон жерден ооган расмий өкүлдөрү өлгөндөрдүн саны 50ге чейин жетиши мүмкүн деген кооптонуусун билдиршкен болчу.

Өзүн Талибандын өкүлүмүн деп тааныштырган бирөө оогандык маалымат агенттиктеринин Кабулдагы кеңселерине телефон чалып, жардыруу үчүн жоопкерчилик алды. Бирок ооган ички иштер министрлигинин өкүлү Латфулла Машал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна бул маалымат ырастала электигин айтты:

-Тергөө жүрүүдө. Бул кол салуунун артында ким турганы беймаалым. Белгилүүсү - бул адамдар Исламдын, Ооганстандын душмандары. Жанкечтинин жардыруусу биринчи ирээт мечиттин ичинде жасалып олтурат. Кудайга сыйынуу үчүн келген адамдар өмүрүнөн айрылды.

Ооганстандагы кабарчылар белгилеп жатышкандай, мечитке кол салуу, өзгөчө динаятчынын жаназасы учурунда жардыруу жасоо карапайым оогандардын кыжырдануусуна жүйөө болчу окуя.

Ооган президенти Хамид Карзай да жарыдырууну уюштургандарды Ооганстан менен Исламдын душмандары деп атап, аларды айыптады. Карзай адатта "Ооганстандын душманы" деген сөз айкашын "ал-Каида" менен Талибандын согушкерлерине карата колдонот.

Мусулман динаятчысы, Ооганстандын Жогорку сотунун мүчөсү Маулави Кешаф мындай дейт:

- Жанкечтилер менен террорчулардын жогорудагыдай чабуулу адамкерчиликке жатпайт. Муну Ислам четке кагат. Ооганстандагы коопсуздукка каршылар ушундай иштерге барууда. Алар бул өлкөгө коопсуздук менен стабилдүүлүк келишин каалашпайт.

Ооган расмий өкүлдөрүнүн "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысына билдиргенине караганда, президент Хамид Карзайдын эки бир тууганы Ахмад Вали менен Шах Вали шаршембиде Кандагардагы мечитке келмек, бирок жарылуу болгон кезде алар жок эле.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG