Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

КЫТАЙДА ТАРСА-КАТОЛИКТЕР МЕНЕН ПРОТЕСТАНТТАРДЫН САНЫ ЫЛДАМ КӨБӨЙҮҮДӨ


Ырасмий бийликтердин ырасташынча, акыркы жарым кылымда кытайлык католиктердин саны 2 эсеге, ал эми протестанттардын саны 50 эсеге көбөйгөн. Өлкөдөгү диний агымдарды катуу көзөмөлдөп турган Кытай бийликтери, талдоочулардын айтымында, акыркы жылдары тарса динине чокунгандарды чектөөнү бошоңдотуп, аларды өкмөттүк чиркөөлөрдүн башкаруусунда кармоого аракет кылууда. Анын себеби эмнеде?

Кытай өкмөтү: будда, дао, ислам, католик жана протестант диндерин ырасмий тааныйт. 1949-жылы өлкөдө коммунисттик бийлик орногондон кийин чет элдик миссионерлер өлкөдөн куулуп чыгып, динге чакырган даваатчыларга тыйуу салынган. Буткана, чиркөө, мечиттердин ишмердүүлүгү көзөмөлгө алынып, алар менен иштөө үчүн атайын мекеме түзүлгөн. Бул мекеме динаятчылардын бийликке лоялдуулугун текшерип, алардын ишмердүүлүгү коммунисттик идеологияга кайчы келбесине байкоо салып турат.

Ага карабай, акыркы жылдары евангелисттердин, дагы башка тарса жамааттарынын саны тез өсүүдө. Ырасмий маалымат боюнча, 1950-жылы өлкөдө 2, 7 миллион католик, 700 миң протестант болсо, өткөн 2004-жылы католиктердин саны 5, 3 миллионго, ал эми протестант жамааты 16 миллионго жетти.

Динди изилдеген илимпоздор Кытайдагы тарсалардын саны бир кыйла көп экенин айтышат. Алардын эсебинде, азыр католик кытайлардын саны 12 миллиондон кем болбойт. Протестант чиркөөсүнө табынган элдин саны, илимпоздордун айтымында, 35 миллионго тете болот. Алардын жалпы саны 45 миллиондон ашат. Бул ырасмий бийликтер айткандан эки эседен да көп.

Өлкөдө динге болгон кызыгуу экономиканы реформалоо жылдарына удаа келет. 1990-жылдардын башында жакыр кыштактарды агыла таштаган адамдардын жөндөмдүүлөрү шаардык ишкерлердин жана интеллигенциянын катарына кошулат. Удаа эле чокунган тарсалардын саны да өсөт.

“Уол Стриит Жорнэл” гезитинин жазышынча, социалдык статусу, ишкердик таланты жана акчасы бар адамдардын чокунуусуна бийлик анчалык тоскоолдук кыла алган эмес. Ушул жаңы социалдык топ- жаңы бутуна туруп келтакан жаткан ишкерлер чөйрөсү тарса чиркөөсүнүнүн кеңейүү базасы болууда. Алар жергиликтүү өкмөттөрдүн инвестицияга жана социалдык камсыздоого болгон муктаждыгын канааттандырууда.

Буга Иса пайгамбарды жолдоочулар чиркөөсүнүн күйөрманы, 46 жаштагы Су айымдын ишмердүүлүгү айкын мисал. Күйөөсү өлгөндөн кийин эки баласы менен калып, чиркөөдөн колдоо тапкан Су айымдын даяр кесме чыгаруучу ишканалары бар. 2000-жылы Су айым Шангшуи шаарынын инвестору деген статус алат да, ал жердеги ишканасынын жанында 30 баланы динге үйрөтчү окуу борборун ачат. Борбордо бир учурда мадыра баш талип- евангелисттерге катар Жакынкы Чыгышка араб дааватчыларын даярдаган атайын класс да болгон. Кезинде борбордо 200 болочок дааватчы таалым-тарбия алган. Су айым өзү провинциялдык кеңешке депутат болуп шайланат. 2004-жылы жогорку бийликтердин кысымы астында борбор жабылат. Бирок анын бир да окуучусу же тарбиячысы жазаланбайт.

Су айым азыр малайзиялык миссионерлер менен чогуу жогорку класстардын балдарын окутуучу мектеп ачканы жатышат. Кажыбас айым жакында өнөр жай паркын ачууга 17 гектар жер бөлдүрүп алды. Кирешесин тарса динин жайылтууга сарптамакчы.

Фэнг мырзанын Шенян шаарында үч рестораны бар. Анда 400 адам иштесе, алардын 80 проценти тарсалар. Күн сайын ресторандын ибадатканасында жумушчу-кызматчылар 90 мүнөт “Инжил” китебин окуп үйрөнүшөт. Фэнг мырза андан тышкары жашыруун иштеген чиркөөлөргө да соопко акча-каражат берип турат.

Азыр Бээжиндин өзүндө да Иса пайгамбардын окуусун жайылткан тарса дааватчылар көп. Алардын бири Жулиа Су айымдын айтышынча, жакыр жана билимсиз жумушчуларга салыштырганда билимдүү жаштар арасында динди жайылткан жеңил.

Бийликтер Кытай үчүн салттуу эмес диндерди мурдараак тыйууга аракет кылса, азыр чиркөөлөрдү колдоп, жаңы ибадатканаларды курууда. Өткөн жылы эле Бээжинде жаңы эки чиркөөдүн курулушу башталды.

Бээжиндин тарса кеңешинин төрагасы Ю мырзанын айтышынча, өкмөттүн максаты өлкөгө чет элдик миссионерлердин келүүсүн чектөө. Ошондой эле, жашыруун жайларда “Евангелие” же “Инжилди” окуган адамдарды ачыкка чыгарып, өкмөттүк чиркөөлөрдүн көзөмөлү астына койуу.
XS
SM
MD
LG