Грузиянын өкмөт башчысы Зураб Ногайдели Кыргызстан ГУАМ уюмуна кошулуусу мүмкүн, деп кыйытты. Журналисттерге берген маалыматында грузин өкмөт башчысы Кыргызстандын бул уюмга кошулуусу уюмга жагымдуу таасир этээр эле, деди. ГУАМ уюму 1997-жылы түзүлгөн, ага Грузия, Украина, Азербайжан жана Молдова мүчө. 1999-жылы ГУАМга Өзбекстан дагы кошулган, бирок аталган өлкө быйыл бул уюмдан чыгып кетээрин билдирди.