Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:16

Темир жолчулар кайрадан ачкачылык жарыялашты


БИШКЕК. 7-июнда тарта кыргыз темир жол башкармасынын 25 жумушчусу ачкачылык акциясын башташты. Бул тууралуу темир жолчулардын көз карандысыз кесиптик кошунун төрагасы Эрнис Докенов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, ачкачылык менен алар темир жол башкармалыгына кесипкөй темир жолчуну дайындап, Транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылып жатышат. Темир жолчулардын айтымында, алардын талабын колдоп, ачкачылык акциясына 8-июндан тарта автоунаа жана авиация тармагынын кызматкерлери кошулганы жатат. Алар мындай ниетин 7-июнда президенттин милдетин аткаруучу премьер-министрге, Жогорку Кеңешке жана эл аралык уюмдарга жолдогон ачык катта кабарлашты.

XS
SM
MD
LG