Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

ФЕЛИКС КУЛОВ ШАЙЛООНУ АДИЛЕТ ӨТКӨРҮҮ МАКСАТЫНДА КООМДУК БИРИКМЕ ТҮЗДҮ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов президенттик шайлоону адилет өткөрүү максатында «Атуулдар адилет шайлоо үчүн» деген аталышта коомдук бирикме түздү. Бул тууралуу ал 8-июнда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Феликс Куловдун айтымында, мындай коомдук бирикменин курамына бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрү жана шайлоону адилет өткөрүүнү каалаган ар бир кыргызстандык атуул кире алат. Ал эми комитет түзүү зарылдыгын Кулов мындайча түшүндүрдү:

- Бул - коомдук комитет. Мен муну өлкөдөгү шайлоонун адилет өтүшү үчүн жана президенттик шайлоодон кийин эч ким Курманбек Бакиевдин жеңишине нааразы болбошу үчүн жасап жатам. Комитетти түзүүнүн башкы максаты ушундай.

Ошондой эле Феликс Кулов бул комитет президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда ар бир талапкердин укугун бирдей коргоп, алардын арыздарын убагында чече тургандыгын маалымдады:

- Учурда мен бул комитетти жетектеп тургандан кийин коомчулуктан жана ар бир талапкердин штабынан түшкөн ар кандай маалыматка өз убагында бирдиктүү чара көрүлөт. Бардыгы ачык болот жана коомчулук биздин мындай маселелерди кандай чечкенибизди көрүп турат. Биз үчүн эң маанилүү нерсе - шайлоонун адилет жана легитимдүү өтүшүнө жетишүү.

Феликс Кулов мындай комитетти түзүү боюча президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев менен макулдашпагандыгын, жакшы максатты көздөгөн мындай аракетти Курманбек Бакиев колдооруна ишене тургандыгын кошумчалай кетти.

Андан соң Кулов журналисттердин суроолоруна да жооп берди. «Азаттык» үналгысынын кабарчысынын «Сиз келечекте өкмөт башчы болуп калсаңыз өкмөттүн азыркы курамы өзгөрүлөбү?», -деген суроосуна мындайча жооп берди:

- Мен бул суроого Курманбек Бакиевдин сөзүнө таянып жооп берейин. Ал март ынкылабынан кийин көптөгөн министрлер качып кетишкендиктен айрым кызмат орундарына чукул дайындоолор болгондугун мойнуна алган. Ушул өңүттөн алганда көптөгөн министрлер өз ишин жакшы алып кетишти. Ал эми айрымдары эмдигичекти өз орундарын таба албай жатышат. Ошондуктан бул маселе президенттик шайлоодон кийинки кадр маселеси боюнча талкуунун негизи болот.

Шайлоо кодексинин 28-беренесинде өлкө Президенти жана Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары өз ишин таштабай эле шайлоого катышат деген эреже жазылган. Феликс Куловдун айтымында, бул эрежеге ылайык Курманбек Бакиев өкмөт башчы катары президенттик шайлоого катышуу үчүн өз кызмат ордун ташташы зарыл, ал эми президенттин милдетин аткаруучу катары кызмат ордун калтырбаса да болот. Айтор бул маселеге юридикалык жактан так негиздеме жок.

Көптөгөн саясатчылар аткаруу бийлик өкүлү тарабынан президенттик шайлоону адилет өткөрүү боюнча мындай демилге көтөрүлүшүн оң баалашууда. Алардын бири мурдагы депутат Болот Байкожоев мындай пикирде:

- Менимче, бул туура. Комитетке партия жана көз каранды эмес бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана башка саясатчылар кирет. Алар шайлоону адилет өткөрүшөт. Шайлоодон кийин алар элдин нааразылык аракеттерге барбашын камсыз кылышат.

XS
SM
MD
LG