Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:37

ЭСЕПТӨӨ ПАЛАТАСЫНЫН ТӨРАГАСЫ ШАЙЛАНДЫ


9-июнда Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын төрагасын шайлады. Депутаттар төрагалыкка талапкерди талкуулоо менен бирге Эсептөө палатасынын иш аракетин жакшыртууну да талап кылышты.

Мамлекеттеги каражатты пайдалануунун мыйзамдуулугуна көзөмөл салуучу жогорку мамлекеттик орган болгон Эсептөө палатасынын төрагалыгына Мурат Саралинов шайланды. Анын талапкерлигин колдоп, жыйынга катышкан 60 депутаттын 54ү добуш берди. Аны менен катар жаңы төрагага депутаттар мамлекеттин казынасына түшө турган жана андан чыгымдалып жаткан каражаттардын мыйзамдуулугуна катуу көз салып, мурдагыдай бийликтин көрсөтмөсү менен мамлекеттик мекеме, уюмдардын жүрөгүнүн үшүн алган орган эмес, мыйзам чегинде иштеп, элдин байлыгын сактоо милдетин так аткарууну талап кылышты.

Ушундай пикирдеги депутат Жантөрө Сатыбалдиевдин билдирүүсү боюнча, Эсептөө палатасы үчүн бирөөнүн көрсөтмөсү эмес мыйзам башкы таяныч болуусуна мезгил жетти:

- Эсептөө палатасы бийликтин жасоолу болуп келген. Сиз дагы ошол система менен кетсеңиз Эсептөө палатасынын баркы болбойт. Палатанын иши жөнүндөгү мыйзам чегинде гана иштөө керек.

Мыйзам боюнча Эсептөө палатасы мамлекеттин үлүшү 33 пайыздан кем эмес ишканалар менен мамлекеттен каржыланган мекемелердин финансылык ишмердигин текшерүүгө милдеттүү. Бирок кийинки кезде Эсептөө палатасы жеке менчик ишканалардын да аракетин тескеген учурлар күч алган. Аны менен бирге кызматкерлердин маянадан тыш каражат табуусуна жол ачылып, максатсыз сарпталган каражаттарды казынага кайра кайтаруу кескин төмөндөгөн. Маселен, 2003-жылы Транспорт жана коммуникация министрлиги казынага кайтарган каражаттын көлөмү 51 пайыз болсо, өткөн жылы 17 пайыз, Ички иштер министрлиги мурунку жылы 45 пайыз кайтарса, былтыр 9 пайыз, Экология министрлиги 25 пайыздын ордуна 17 пайызын гана кайтарган.

Ушундан улам Эсептөө палатасынын 12 аудиторунун Жогорку Кеңеш аркылуу тандала турган 7 аудиторунун ордун ээлөө үчүн азыр кеминде 400 адам өз алдынча даярдык көрүп жатышкан экен. Ошон үчүн депутаттар кайчылаш текшерүү жүргүзүү жана аудиторлордун өз алдынча текшерүүсүн токтотууну талап кылышты.

Мурат Саралиновдун айтымында, мындай милдеттен тыш аракеттерди чектөө үчүн палатада жаңы комиссия түзүлдү:

- Биз жакында комиссия түздүк. Ал комиссия ар бир беш күндө текшерүүчүлөрдү чакырып, эмне кылып жаткандыгын текшерип, көзөмөлгө алып жатат. Менин оюмча, мындан ары мындай көрүнүштөр болбойт.

Мындан тышкары депутаттар Эсептөө палатасы мамлекеттик органдар менен бийлик башындагы адамдын ортосунда акча өтүүчү мекеме болбосун деген талапты коюшту. Мындай талап койгон депутат Муратбек Мукашевдин айтымында, буга Эсептөө палатасынын иши боюнча Башкы прокуратура ачып жаткан фактылар түрткү берди:

- Борбордук казыначылыктагы акчаны ошол жерде иштеген жооптуу кызматкерлер Улуттук банктын төрагасына берип, ал Эсептөө палатасынын ошол убакта иштеген төрагасына берип, ал биринчи президентке алып барып берген деген далилдер пайда болду. Ал маалымат боюнча акчанын көлөмү 420 миң доллар болгон. Эсептөө палатасынын төрагасы өз сейфинен дагы 75 миң доллар кошуп, анан президентке берилген деген факт болуп жатат. Ошон үчүн мен Эсептөө палатасынын кызматкерлери менен төрагасы акча жыйнап, аны президентке алып барган орган болбосун деген талапты коюп жатам.

Ал эми Эсептөө палатасынын жаңы шайланган төрагасы Жогорку Кеңештин колдоосу жана талабы менен элдин байлыгын сактоого убадасын катуу берди.

XS
SM
MD
LG