Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Бакиев биринчи турда эле жеңишке жетеби?


БИШКЕК. «М-вектор» атуу социологиялык иликтөө компаниясы президенттик шайлоо боюнча сурамжылоосунун жыйынтыгын жарыялады. Бул тууралуу аталган компания жетекчиси Юрий Герасимчук 9-июнда Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди. Иликтөөгө ылайык учурда Кыргызстанда эң көрүнүктүү саясатчы-президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев жана ал шайлоонун биринчи турунда эле жеңишке жетишет. Аталган компания мындай жыйынтыкка Кыргызстандын бардык дубандарында 27 майдан 3-июнга чейин жүргүзүлгөн социологиялык иликтөөдөн улам келген. Ага он сегизден жогору жаштагы 4988 атуул тартылган. Сурамжылоого катышкандардын токсон пайызы Курманбек Бакиев шайлоонун биринчи турунда эле жеңип чыгаарына ишене тургандыктарын айтышкан. Ал эми иликтөөгө катышкандардын 2,7 пайызы Турсунбай Бакир уулун, 2,6 пайызы Урмат Барктабасовду колдой тургандыгын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG