Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:43

Карасуу районундагы базардын кеңсесин 150дөн ашуун спортчу балдар басып алды


ОШ. Өздөрүн Элдик кыймылдын лидерлерибиз деп тааныштырышкан Абдуганы Жунусов, Айтмамат Кадырбаев жана дзюдо боюнча спорт мектебинин машыктыруучусу Санжар Кадыралиев Карасуу базары кечээ кечтен бери Элдик кошуундун колуна өткөндүгүн жарыялашты. Администрациялык имарттын алдына төрт жүзгө жакын адам чогулган митинг болуп, анда мурунку базар жетекчилиги тарабынан жасалган мыйзамсыз иштер жөнүндө билдирүүлөр таркатылып жатты. Элдик кошундун жетекчилиги Абдуганы Жунусов базар мыйзамсыз менчиктештирилгендигин аныктоо үчүн өкмөттүк комиссия түзүлүүсүн суранып жатышкандыгын жана мындан ары базар бир адамдын менчигинде эмес, мамлекеттин көзөмөлүндө болушун талап кылышарын билдирди. Чогулуп турган адамдардын арасына сөз сүйлөө үчүн келген депутат Баяман Эркинбаевдин бир тууган эжесин митингдин катышуучулары чогулуштан кууп, ал минип келген “Нива” автоунаасын көңтөрүп салышты. Окуяны байкап турушкан милиция кызматкерлери конфликти жөнгө салуу боюнча активдүү аракеттерге бара алган жок. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аталган окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

XS
SM
MD
LG