Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:57

ЖОГОРКУ СОТ ЖАРЫМ-ЖАРТЫЛАЙ ИШТЕЙ БАШТАДЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек 22- апрелден бери иштебей турган Жогорку сот жарым-жартылай иштей баштады. Ал эми имараттан күч менен чыгарылган шайлоочулар Жогорку соттун жанында күндөп-түндөп туруп, эксперттик комиссиянын ишинин жыйынтыгын күтүп жатышат.

Жогорку сотту басып алган беш округдун шайлоочулары дале кетише элек. Алар Жогорку соттун иштешин талап кылган адамдар тарабынан 1-июнда күч менен имараттан чыгарылышкан. Ишемби күнү жаан жаап аткан. Ар кайсы аймактардан келген шайлоочуларды Жогорку соттун алдында машиналар токтой турган бастырмадан таптык.

- Акыбалыбыз кыйын эле. Сыз жерге жатып, маселенин чечилишин күтүп атабыз. Имараттан чыгып калгандан кийин ушинтип бастырмада сыз жерде отурабыз. Күн тийип турса, имараттын алдында цементте отурабыз. Кыйналдык, бирок намыс үчүн отурабыз. Намыс эр өлтүрөт дейт го. Айылга кайсы бетибиз менен барабыз. Жок дегенде эки ай бекер жүргөн жокпуз, акыйкаттыкка жетип келдик деп жүзүбүз жарык баралы да,- дешет парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон пикетчилердин айрымдары.

22- апрелден бери иши токтоп турган Жогорку сот жарым жартылай иштей баштады десек болот. Кылмыш иштер, экономикалык иштер боюнча коллегияларга кирген судьялар эки күн мурда ишке киришишкен . Ал эми шайлоого байланыштуу иштерди караган судьялар жана Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов дале Жогорку сотко кригизилген жок.
Пикетчилер «кара тизмеге» кирген он судьянын Жогорку сотко келгенге моралдык акысы жок дешет:

- Курманбек Осмоновдун өзүн киргизбейбиз. Ошондой эле Акназарова, Ажибраимова, Гафуров, Крицкая, Мухаммеджанова, Кулматова, Бекбоева, жана Гутниченко. Бул сотторду биз киргизбейбиз. Алар моралдык укугун жоготкон, андыктан бул жерде иштебеши керек.

Жогорку сотту ээлеп алган шайлоочулардын арызы боюнча иликтөө жүргүзө турган эксперттик комиссияны Курманбек Бакиев өз буйругу менен 4-июнда жойду. Бирок эксперттик комиссия ага чейин чыр-чатактуу жети округ боюнча өз бүтүмүн өкмөткө тапшырган.

Эксперттик комиссиянын мүчөсү Турсунбек Акун айрым округдар боюнча мыйзам бузуулар аныкталды, бирок азырынча кайсы округдар экенин ачык айтпайбыз деп билдирди:

- Комиссия өз жыйынтыгын берген. Айрым округдарда мыйзам бузуулар табылды, соттор туура эмес чечим чыгарган. Бирок азырынча кайсы округдар экенин ачык айта албайбыз.

Пикетчилердин «кара тизмесине» кирген Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов бул эксперттик комиссиянын түзүлүшүн мыйзамсыз деп санайт. Осмонов мырза экспертиик комиссиянын бүтүмдөрүн Жогорку сот карабайт деп билдирди:

- Комиссия өз бүтүмүн тапшырыптыр, аны менен тааныша элекпиз. Ал чечимдер бизге келсе, Жогорку соттун бүт курамы менен пленумда карап туруп, ал бүтүмдөрдү эмне кылышты чечбиз. Бирок мыйзам боюнча Жогорку сот өз чечимин караганга укугу жок.

Жогорку соттун алдында турган шайлоочулар Курманбек Осмоновду кызматтан кетирмейин тарабай тургандыктарын айтышууда.

XS
SM
MD
LG